Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

ПРЕСС…а-а-а!

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Сүрөттүн автору Руслан Валитов

“Атажуртчулардын” митингин чагылдырып жүргөн 24.KG маалымат агенттигинин журналистин Дарья Подольскаяны митингчи аялдардын бири ур-токмокко алыптыр. Агенттиктин айтымында, ал аял эч нерсе түшүндүрбөстөн, жөндөн жөн эле сабап кирген экен.

Журналистке кол салуу өзүнчө бир улуттук спортко айланып бара жаткансыйт. Өлкөдө болуп жаткан башаламандыкка, баардык терс, тетири иштерге журналисттер гана күнөөлүү сыяктуу.

Болуп жаткан окуяларды болгонун болгондой чагылдырганга аракеттенгени үчүнбү? Ооба, бул чагылдырууда айрым мүчүлүштүктөр кетүүдө. Бирок, негизгиси, байлыкка, бийликке жетүү максатында элди экиге, үчкө бөлүп, бир-бирине суу куюп, шыбап, кошоматтанып, чөнтөгүн кампайтыш үчүн өлкөнү сатып, талап-тоноп, бир-бирин атып жаткандар, эмне, журналисттерби?

Кейиткени, журналисттер кээде алардын камчысын чаап калууда. Аргасыздан.  Айрым кумалактарды эске албаганда. Эми алар бардык кесиптерде кезигет эмеспи?

Журналисттин коопсуздугун милиционерлер камсыздаш керек эле. Бул алардын милдети. Бирок алар көбүнесе болуп жаткан мыйзам бузууга жөн гана көрүүчү болуп турганын көрөбүз. Бул окуяда да ошондой эле болду. “Карап турдум, бирок көргөн жокмун!”. Анан ким аларга ишенет?

Митинг уюштуруучулар да тартип сактоо милдетин моюндарына алыш керек. Болбосо бул митинг эмес эле, зомбулук. Камчыбек Ташиев 24.KG агенттигине убада бериптир, журналистке кол салган адамды таап, чара көрөбүз деп. Эгер убадасын аткара алса, анда Ташиевге Даңк! А бирок, так ушундай митингдерде журналисттерге кол салгандар арбак сымал жок болуп кетип, такыр табылбай кала турандыгын жакшы билебиз.

Мындай окуялардан кийин журналисттер өз милдетин аткарбай кое албайт. Барышат митингдерге, пикеттерге. Ошол эле Ташиевдин ишин, сөзүн чагылдырышат. Бирок ушундай окуялар улана берсе журналистика анда кандай болот? Сейрек. Жалтаң. Кошоматчы.

Элге, саясатчылардын өзүлөрүнө керекпи ушундай журналистика?

Марат Токоев

Похожие записи