Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Свобода слова

Кыргызстанда басма сөз эркиндиги бар деп ойлойсузбу?

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Алым ТОКТОМУШЕВ, аналитик-журналист:

– Бизде басма сөз эркиндиги бар. Азыр каалаганын жазып, каалаганын айтып жатышат. Эркиндик дегенди начальник же коомчулук бербейт. Мисалы, канаттууга учканды эч ким үйрөтпөйт да. Анын сыңарындай журналисттин ички дүйнөсү эркин болуш керек. Кээ бир журналисттердеги аша чапкандык майда-чүйдө кызыкчылыктардан арыла албай, жан-дүйнөсү эркин болбой жаткандыгында.

Бермет МАТКЕРИМОВА, “Кыргыз Туусу” гезитинин бөлүм башчысы:

– Басма сөз эркиндиги, албетте бар. Азыр мейли жеке менчик болсун, мейли өкмөттүк гезиттерде болсун кайсы маселе болбосун мурдагыга караганда алда канча ачык-айкын айтылып жатат. Бул жагынан караганда коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде алда канча демократиялуу десем болот.

Бирок, басма сөз эркиндигинин артында да көптөгөн маселелер бар. Акыркы кездерде басма сөздө ашыра эркиндикти пайдаланып кеткендер да кездешип жатат. Адамдын күнөөсү жөнүндө айтылып жатып, же бир кандайдыр бир маселеге байланыштуу ал адам сындалып жатып, ошол эле кезде ал кишинин ар-намысына, жеке бир адамдык аброюна шек келтирилген материалдар чыгып кетип жатат. Ошондуктан демократиянын , басма сөз эркиндигинин эрежесин сактап, анын жоопкерчилиги өтө жогору экендигин калемгерлер эсибизден чыгарбасак дейм.

Бекен НАЗАРАЛИЕВ, “Жаңы ордо” гезитинин башкы редактору:

– Башка Орто Азия мамлекеттерине салыштырмалуу бизде басма сөз эркиндиги бар. Алардын ичинен авторитардык Казакстан, айрыкча тоталитардык Өзбекстан, жеке адамга сыйынган Түркмөнстанга салыштырмалуу Кыргызстанда жакшы өнүккөн. Кыргыз эли табиятынан эркиндикти сүйгөн, сөзгө баа берген калк экени чындык. Мен билгенден 20 жылдан бери басма сөз эркиндигинин пайдубалы түптөлүп, дубалы, чатыры али жабыла элек деп айткым келет. Бирок коңшу мамлекеттерге караганда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Ошентсе да, адам тагдырын жогору тутпастан, басма сөз эркиндигинен ашыкча пайдаланып, кандайдыр бирөөнүн куралына айланып кеткен учурлар да кездешет. Басма сөз эркиндиги өнүккөн Америкада же батыш өлкөлөрүндө деле бир күндө түптөлүп калган эмес. Бизде дагы жакшы жактары менен кошо кемчиликтерин да басып өтүп, кандайдыр бир мезгил өткөндөн кийин чыныгы бир басма сөз эркиндигине жетебиз деген оюм бар.

Ишенгүл БОЛЖУРОВА, коомдук ишмер:

– Албетте бар. Анткени бир эле киши жөнүндө бир гезит аябай кыйын деп мактап жазса, экинчи гезит аны жамандап чыгарат. Бул эркиндик эмей эмне? Бирок, эркиндиктин да чеги, анан жоопкерчилиги болуш керек. Кыскача айтканда, басма сөз эркиндиги бар, бирок элдин дилин көтөрө турган кээ бир журналисттин жоопкерчилиги жок болуп жатат. Андайлардын айынан басма сөздүн бедели түшүп жатат. Эмесе, басма сөз элдин жан-дүйнөсүн, маданиятын тарбиялаган орган болуш керек эле.

Суроо салган Бактыгүл Култаева

Булак: http://dem.kg/kg/article/232/kyrgyzstanda-basma-s-z-erkindigi-bar-dep-oyloysuzbu

Похожие записи