Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Общее

Журналисттердин коопсуздугу боюнча колдонмо

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Автор: Уильям Хорсли, редактору: Андрей Рихтер, кыргыз тилине которгон: Зейнеп Алтымышова

Басма: ЕККУ

Чыккан датасы: 2020

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

2014-жылы Журналисттердин коопсуздугу боюнча колдонмонун экинчи басылышы жарык көргөндөн бери ЕККУ аймагындагы кырдаал журналисттер жана башка медиа-акторлор үчүн дагы эле кооптуу бойдон турат. ЕККУнун жыл сайын чыгуучу баяндамасына ылайык, 2017-жылы 170 журналист түрмөдө отурган болсо, 2018-жылдын аягына карата 150дөн ашык журналист дагы эле түрмөдө отурган.

2019-жылы ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлү журналисттерге кол салуу жана аларды коркутуу боюнча көптөгөн окуяларга өз мамилесин билдирген. 2019- жылы ЕККУ аймагында эки журналист киши колдуу болду: Улуу Британиянын Түндүк Ирландия аймагындагы башаламандыкты чагылдырып жүргөн жеринен Лира Макки окко учту жана Украинанын Черкассы аймагында кол салуудан Вадим Комаров мерт болду. Башка да көптөгөн журналисттер жүргүзгөн иликтөөсү, даярдаган репортаждары жана сын көз карашы үчүн кол салууга, опузага дуушар болуп же жаракат алды. Журналисттердин коопсуздугун коргоого багытталган жана аларга кол салуунун жазасыз калышына каршы ишмердүүлүк биздин Бюронун артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет.

2019-жылдын апрелинде Бюро Венада «Журналисттерге кол салуу: ЖМК эркиндигине коркунуч» аттуу конференция уюштурду, анын максаты ЕККУнун курамындагы өлкөлөргө ЕККУнун Министрлер кеңеши журналисттердин коопсуздугу боюнча 2018-жылы кабыл алган чечимин аткарууда жардам берүү жана журналисттердин коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу эле. 30дан ашуун өлкөдөн келген 200дөн ашык катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коопсуздук маселелерин талкуулап, кол салууга дуушар болгон журналисттердин көрсөтмөлөрүн, ошондой эле киши колдуу болгон журналисттердин туугандарынын, кесиптештеринин жана досторунун көрсөтмөлөрүн угуп чыкты.

Бюронун Журналист аялдардын коопсуздугун онлайн камсыз кылуу боюнча долбоору (#SOFJO) журналист аялдар конкреттүү түрдө Интернетте туш келген коркунучтар жана куугунтук жөнүндө маалымдуулукту арттырууну улантты.

Мурдагы эки басылыш сыяктуу эле, Журналисттердин коопсуздугу боюнча колдонмонун үчүнчү басылышынын автору болуп Шеффилд университетинин журналистика бөлүмүндөгү ЖМК эркиндиги боюнча борбордун түзүүчүлөрүнүн бири жана эл аралык директору Уильям Хорсли эсептелет, биздин Бюро ага бул үчүн чын дилден ыраазы. Мен анын кол жазмасын редакциялоого жана жарыкка чыгарууга салым кошкон Бюронун кызматкерлерине, атап айтканда Лусинэ Апресянга, Айдар Ботагаровго, Тону ван ден Брандтка, Себастьян Дентонго, Аня Карлсрайтерге, Андрей Рихтерге (ал акыркы редакциясын даярдаган), Олеся Фесенкого, Юлия Хаас менен Дениз Язычиге да ыраазычылык билдирем.

Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бул басылыштын жарыкка чыгышына чоң салым кошкон Австриянын, Литванын жана Нидерланддардын өкмөттөрүнө рахмат айткым келет.

Юрген Хайсел,
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун
ЖМК эркиндиги боюнча өкүлүнүн бюросунун директор

Похожие записи