Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Общее

Медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча тренерлер үчүн: Методикалык колдонмо

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Автор: Гороховский А.

Басма: “ММК колдоо борбору” КФ, Европа Биримдиги, “Сорос-Казакстан” Фонду

Чыккан датасы: 2021

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Бул колдонмо «Аналитика жана иликтөө борбору» аттуу коомдук уюмдун жетекчиси, «БезБрехни» (Украина) фактчек-долбоорунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, медиатренер жана медиаэксперт Александр Гороховский тарабынан даярдалды. Александр Гороховский медиасабаттуулук жана фактчек боюнча окуучуларга, студенттерге, мугалимдерге, журналисттерге жана медиатренерлерге арналган бир катар методикалык колдонмолорду жана тренинг курстарын иштеп чыккан.

Көнүгүүлөрдү иштеп чыгууда колдонулган «кастык тили» же дезинформация боюнча мисалдар бир гана билим берүүчүлүк-агартуучулук максатын көздөйт жана аларды долбоор ишке ашырылып жаткан өлкөнүн мыйзамдарына каршы келе турган башка максаттар үчүн колдонууну көздөбөйт. Бул публикацияда колдонулган аталыштар, ар кандай материалдар BRYCA долбоорунун өнөктөштөрүнүн кайсы бир өлкөнүн, аймактын, шаардын же райондун же алардын тиешелүү башкаруу органдарынын, ушул эле сыяктуу чек аралардын же бөлүү сызыктарынын укуктук макамына карата кандайдыр бир пикирин чагылдырбайт.

Бул публикацияда айтылган пикирлер жана көз караштар үчүн колдонмонун автору гана жооптуу. Автордун пикири BRYCA долбоорунун өнөктөштөрүнүн расмий позициялары менен дал келбеши мүмкүн жана бул аларга эч кандай милдет артпайт. Колдонмо Европа Биримдигинин финансылык колдоосу астында даярдалды: Бул публикация Сорос-Казакстан Фондунун финансылык колдоосу менен которулду. Колдонмодогу материалдар Европа Биримдигинин жана Сорос-Казакстан Фондунун расмий көз карашын чагылдырбашы мүмкүн.

Похожие записи