Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Журналисттик иликтөө: коомдогу орду жана келечеги

Журналисттик иликтөө: коомдогу орду жана келечеги

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Алгы сөз

Кыргыз улуттук журналистикасында журналистикалык иликтөө же иликтөөчү журналистика жанр катары капкачан эле калыптанган. Анан калса, журналистика жанрынын кайсы багытын албайлы, ошол эле сот очерктери, аналитикалык журналистикада деле иликтөөчү журналистиканын элементтери бар.

Айеркен Саймаити жана анын фирмасы аркылуу чет өлкөлөргө 932 млн. доллардын мыйзамсыз түрдө сыртка чыгарып кетиши жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимовдун ысымы менен байланышкан акыркы эки жылдагы журналисттик иликтөөлөр коомчулуктун кызыгуусун жаратып, сенсация эле жаратпастан, иликтөөчү журналистиканын коомдогу ордун көрсөтүп, анын канчалык зарыл экендигин тастыктады десек болот.

 

Иликтөө журналистикасы: кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар

Бүгүн коомчулукка маалыматтык жаӊылыктарды эле берүү аздык кылат. Коом ачык болушу үчүн, коомчулук – өлкөнүн коомдук-саясый турмушунда болуп жаткан окуялардын, мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердигинин күӊгөй-тескейинен баштап, чогултулуп жаткан салык жана башка чогулган жыйымдардын кайда кетип, эмнеге жумшалып жатканын билүүгө тийиш. “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери Кайыңды кабель заводунун цехтери жана жерлери экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин мурунку жубайы Гүлсара Сулайманова менен байланышы бар компанияга өтүп кеткенин таап чыгышкан (“Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: Атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи” (https://pk.kg/news/21007)). Быйылкы жылдын февраль айында жарык көргөн аталган иликтөө коомчулукта чоӊ резонанс жаратты. Ошондон жарым ай-бир ай өтпөй, УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш катталганын билдирди. Албетте, ал факт түздөн түз журналисттик иликтөө менен байланышпаса да, “ПолитКлиника” медиасынын иликтөөсү – журналисттик иликтөөлөрдүн коомдук-саясый мүнөзүн ачыктады жана күчүн көрсөттү, ошондой эле эмне үчүн иликтөө журналистикасын өнүктүрүү зарылдыгына эӊ сонун мисал болуп бере алат деген ойдобуз.

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери журналисттик иликтөөгө бир жылдай убакыт коротушкан. Коронавирус пандемиясынан улам, карантин кирип, бир  жагынан ал тоскоолдук жаратса, экинчи жагынан мамлекеттик органдар маалыматтарды дароо бербей, болушунча жаап-жашырганга аракет кылышкан.

Арийне, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүдө кездешкен, дагы бир көйгөй бар. Ал журналисттик иликтөөнүн каржылык жагы.

“Кайыӊды кабель заводу” боюнча иликтөө коомчулук кызыгууну пайда кылып, резонанс жаратты. Социалдык тармакта көп окулган макалалардын катарында болду. Өз кезегинде УКМКнын Алиярбек Абжалиевдин мыйзамсыз байыганы боюнча сотко чейинки өндүрүш ачканы биз иликтеген темада чындыктын изи бар экенин да көрсөтөт.

“Журналисттик иликтөөгө каржылык колдоо керек. Көп убакытты жана көп ресурсту талап кылган жанр. Бир журналист дайыма бош болуп, ошонун артынан гана жүрүш керек. Редакция өз күчү менен жасаса, бир журналистке бир жыл бою айлык берип туруш керек да. Айрым бир акы төлөнүүчү маалыматтык базаны сатып алганга туура келет, ошону сатып алганга каржы керек. Кайыӊдыга барып келгенге, жол чыгымдары да оӊой эмес. Видеолорду тартканга, ж.б.техникалык маселеси эле көп акча талап кылат. Графикалык дизайнердин айлыгы бар. Редакция өз күчү менен жасаса, журналисттик иликтөөнү аягына чыгара албай калышы мүмкүн. Рекламасы көп бай редакция эле болбосо, баарынын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Биздей чакан редакция жасай албайт мындай масштабдуу иликтөөлөрдү, а чакандарын жасаса болот. Мындай иликтөө сөзсүз колдоого муктаж”, – дейт “ПолитКлиника” медиасынын башчысы Дилбар Алимова.

 

Чаткалдагы жабыркаган экология жана маалыматка жетүү көйгөйү

Акыркы жылдарда Чаткалдагы алтын кендерин иштетүү менен байланышкан мыйзамсыздыктар, лицензияларды берүүдөгү коррупциялык схемалар жана алтын кен иштетүүчү компаниялардын өзүм билемдигинин натыйжасында Чаткалдын ажайып жаратылышынын жабыркашы, экологиясынын бузулушу тууралуу өз алдынча журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, ошону менен бирге президентке, өкмөт башчысына, Башкы прокуратурага чейин кайрылуу жасап, жарандык активист катары мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүп келаткан кесиптешибиз Абдыжапар Нурдинов жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын да, алардын коомчулук менен байланыш кызматтарынын ишине нааразы.

“Коомчулукка ачык, так жана даана маалымат жетип турушу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын аброюн көтөрүү, кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн иликтөө журналистикасы же журналисттик иликтөөлөр аба менен суудай зарыл. Бул бир. Экинчиден, мамлекеттик бийлик органдарын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулук болушу үчүн, журналисттик иликтөөлөрдүн ачык-айкын жана объективдүү болушу үчүн өздөрү да кызыктар болуп, мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы турушу керек эле. Тилекке каршы, керектүү маалыматты уруш-талаш менен аласың. Натыйжада, элге так маалымат эч качан жетпейт, ошон үчүн имиш-имиштер көп айтылат. Мунун баары өз башымдан өттү. КРнын “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндүүлүүгү жөнүндө” мыйзамын өзгөчө жергиликтүү бийлик аткарбайт. Башкасын айтпайын, айылдык кеңеш, айыл өкмөт маалыматты толук бербей кууратат. Мамлекеттик мекемелерде да ошондой эле көрүнүш. Басма сөз кызматы да кыйратып иштебейт. Мамлекеттик мекемелер жана бийлик тарабынан атайылап бут тосуу, маалыматты чыгарбоо аракети абдан күчтүү. Өзгөчө тоо кен тармагында”, – дейт А.Нурдинов.

Абдыжапар Нурдинов президентке кайрылуу жасагандан кийин гана муз ордунан козголуп, Чаткалдагы Беш-Арал мамлекеттик коругунда Найза алтын кенине жол салган факты боюнча иш козголгон. Жол салган “Мурас-Синтез” компаниясына 5 млн. сомдон ашуун айып салынган. Кесиптешибиздин журналисттик иликтөөсү жана жарандык активист катары артка кайткыс позициясынан кийин гана, ага чейин “Беш-Арал мамлекеттик коругунда мыйзамсыз жол салуу фактысы катталган эмес” деп келишкенден укук коргоо органдары мыйзам бузуу фактысы бар экенин моюнга алып, кылмыш иши козголгон.

Окурмандардын эсинде болсо керек, фотожурналист Влад Ушаков “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына жүктөгөн Чаткал районунан тартылып алынган эки сүрөт, социалдык түйүндүн колдонуучулары тараптан аябай кызуу талкууга алынган эле. Сүрөттөрдө Чандалаш суусунун өйдөгү тарабындагы жаратылыштын он жыл мурдагы көрүнүшү жана ошол эле мезгилдеги он жыл кийинки сүрөтү берилген. Он жыл мурда эле ажайып жаратылыш менен он жылдан кийинки абалын салыштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Бул фото сүрөт да журналист жана жарандык активист А.Нурдиновго таандык.

Эске салсак, Чаткалда алтын кендерин иштетүүчү компаниялар 2007-2008-жылдардан баштап эле иш жүргүзө баштаган. 2010-2019-жылдарда бул аймактагы кен байлыктарын казууга лицензия берүү өз апогейине жеткен. Алтын жана сурьма кендерин иштетүү лицензиялары “жеӊ ичинен” соодалана баштаган.

Муна ушундай мыйзамсыз иштерди журналисттик иликтөөлөрдөн кийин гана ооздуктоого мүмкүн болду жана жергиликтүү эл да андай мыйзамсыз иштерге каршы чыга башташты. Экологияга келтирилген да зыян да журналисттик иликтөөлөрдөн кийин гана ачыкка чыгып, коомчулуктун көз кырына илинди.

Маалымат үчүн

Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Жер казынасынын өлчөмү боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, 2018-жылга карата өлкө аймагында 46 ири алтын кени бар экени аныкталган. Алардагы жалпы алтындын өлчөмү 666 тоннага жакын. “Азаттыктын” маалыматы боюнча: Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоого жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Анын ичинен кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилген. Мунун ичинен 39 компания алтын өндүрөт. Учурда өлкөдө 53 кенде казуу, 51 кенде долбоорлоо иши жүрүп жатат. Алтын кендеринин ичинен эң ирилери болуп 200 тоннадан ашык алтын кору туура келген Кумтөр, 70 тоннадан ашык алтын катылган Жерүй, Талды-Булак Сол жээк, 30-70 тоннага чейин баалуу металлдын кору жаткан Макмал, Бозумчак, Иштамберди, Үңкүр-Таш сыяктуу кендер саналат”.

Ал эми жалпысынан кен тармагында 2571 лицензия берилип, акыркы жылдары кен тармагына байланыштуу 100гө жакын кылмыш иши козголгон.

 

ИИМ эмне дейт?

Журналисттик иликтөө жүргүзгөн кесиптештер мамлекеттик бийлик органдары, анын ичинде укук коргоо органдары журналисттер сураган материалдарды өз убагында жана толук көлөмдө бербей, улам создуктура берерин, кыскасы коррупциялык схемалардын, же мыйзам бузуулардын, адам укуктарын бузуулардын жабылуу бойдон кала беришине кызыктар деген пикирлерин көп айтышат.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов мындай бир жактуу пикирлер менен макул эмес.

“Албетте, журналисттик иликтөөлөр керек, айрыкча коомдук тартипти сактоо, жарандардын укугу менен эркиндигин камсыз кылуу багытында таза, акыйкат, мыйзамды биринчи орунга койгон, кандайдыр тараптардын кызыкчылыгы эмес адам укуктарынын корголушун көздөгөн жана чыныгы окуянын жүзүн ачып берүүгө багытталган журналисттик иликтөөлөр керек жана эгер ушул жогоруда мен айткан жагдайлар сактала турган болсо ИИМ колдойт. ИИМ басма сөз каражаттарына чыккан бардык материалдарды көз жаздымда калтырбайт, эгер чынында эле укуктук тартиптин бузулушу чын болсо, ага милиция кызматкерлеринин катыштыгы бар болсо алардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралыш керек деп эсептейт. Журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө ИИМ тараптан кандайдыр бир маалымат керек болсо, эгер ал маалымат бизде болсо, биз аларга ар дайым ачык айтып иштешип келе жатабыз. Бул багытта ИИМ тараптан эч кандай көйгөйлөр жаралбайт деген ойдобуз. Бир гана нерсе мыйзам чегинде тергөөнүн жашырындуулугун сөссүз эске алууга тийишпиз”, – дейт Б.Сеитов.

Ырас, мамлекеттик бийлик органдарынын коомчулук менен байланыш кызматынын арасынан ИИМдин басма сөз кызматы өз ишмердигиндеги ачык-айкындуулук жана иш билгилик менен айырмаланат. Арийне, бардык эле мамлекеттик бийлик органдарынын басма сөз кызматтары өз ишин ачык алпара бербейт.

 

Муфтият жана миллиондор

Кыргызстан дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Жеңишбай ажы Бекиев менен мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев УКМК тарабынан башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштерге байланыштуу шектүү катары кармалышы шектүү финансылык схемалардан диний мекемелер да четте калбаганын ачыктап койду.

Акыркы айларда Кубат Айбашов: “Муфтиятты чырмаган схемалар” деген теманын алкагында бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жасап, “Ажылардан чогулган 18,5 млн доллар кандай иштетилген? Муфтият жүздөгөн миллион каражаттарды бизнес-өнөктөштөрүнө эмне үчүн берип салган? Миллиондогон доллар акчаларды ким сомго алмаштырып, депозитке салган? Үстөк акчалар кайсы эсепке салынып турган? Муфтиятты сүлүк курттай соруп келген кызыкдар топтор кимдер? Ким кандай чыгымдарды тартты?” деген бир катар суроолорду иликтеп, мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев өзүнө да жолугуп, бул суроолордун тегерегинде жооп алганын билебиз.

Сынчыл, иликтөөчү журналисттер менен активисттерге басым-кысымдар күчөгөнүн, артынан аңдуу, кыймыл-аракетине тоскоолдуктарды жасоо кадыресе көрүнүш экенин айткан К.Айбашов иликтөө журналистикасы тууралуу мындай дейт:

Журналисттик иликтөөлөр калктын көзүн ачат. Заманды, чөйрөнү жана өзүнүн турмушунун мазмунун таанууга түрткү берет. Мен жасаган «Муфтиятты чырмаган схемалар» иликтөөсү өздөрүн Кудайга бир сөөм жакынбыз деп эсептеген пенделердин динди жамынган ыплас иш-аракеттерин далилдер менен ачып бере алды деп ойлойм. Муфтияттагы бул жемкордук иштер диндар коомго катуу бүлүк салды. Иликтөөдөгү далилдер элди дендароо кылып, муфтият жетекчилигинин кылык-жоруктарына жийиркенүүнү күчөттү. Мен мындай жагдайдын коомдук коопсуздукка кооптуу таасир кылаарын сезип турам. Бирок элдин аң-сезиминде олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп, заманыбыздын лабиринтинде адашкан диний лидерлер, жамааттар менен алардын натуура саясатына карата жаңыча көз караштары калыптанат деп үмүттөнүп турам. Кыргызстанда талдоочу, иликтөөчү журналистика акырындап бутуна туруп келатат. Албетте, демократиялык өлкө катары биздин өлкөнү Борбор Азиянын башка мамлекеттериндеги жагдайга салыштыруу мүмкүн эмес. Маалыматка жетүү жана аны колдонууда бир топ алдыдабыз. Бирок, ага карабай, мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын санариптештирүүдө бир катар кемчиликтер жана тоскоолдуктар бар. Бул коомго ар тараптуу талданган жана текшерилген маалыматтарды жеткирүү кызматынын сапатына таасир кылат. Негизи, кыргыз коомчулугунда иликтөө материалдарына суроо-талап улам өсүп келет”.

 

Иликтөө журналистикасынын келечеги барбы?

Бизде журналисттик ресурстар болгону менен, каржылык жагынан алганда кайсы бир редакция өз алдынча журналисттик иликтөө жүргүзүшү кыйын. Учурда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо максатында Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлүп, иштеп жатат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгону да белгилүү.

Быйылкы жылдын эсебинен “Раим миллион” айланасында иликтөө жүргүзгөн журналист Али Токтакунов “Али Токтакунов медиахаб” фондун ачып, журналисттик иликтөөлөр багытында өз алдынча ишмердигин баштаганын шардана кылды. Ал финансылык колдоону кимден алат, азырынча белгисиз. Каржы маселесине кайрылганыбыз, барып-келип эле, кандай гана фонд болбосун, анын ишмердиги каржы маселесине такала тургандыгы түшүнүктүү.

Дегинкисинде, Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөр боюнча иш алпараткан медиалар аз эмес. Арийне, анын баары эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен гана иш алпарып келатышат.

Дмитрий Орловго окшогон айрым эксперттердин: «Биздин өлкөдө журналисттик иликтөөгө мүмкүн эмес» деп эсептешкени да ошондон улам болсо керек. Анткени, алардын айткандарында деле жүйө бар. Айталы, журналист өзү иштеген ЖМКнын позициясына туура келбей туруп, журналисттик иликтөө жасай албайт. Себеби, же ал жумуштан кетиш керек, же журналисттик иликтөө жасашы керек. Башкасын айтпаганда, Кыргызстанды дуу кылган Раим Матраимов жана чет өлкөгө чыгарылган миллиондор тууралуу иликтөөнү алсак, андай иликтөөнү чоӊ каржылык жана маалыматтык колдоосуз ишке ашырууга мүмкүн эмес болчу.

Иликтөө журналистикасы көп убакытты жана түйшүктү, ошондой эле каржылык колдоону талап кылса да, Абдыжапар Нурдинов, Кубат Айбашов ж.б. окшогон “жылаӊач баатырлар” бар. Ал кесиптештерибиз жеке демилгеси жана “жылаӊач баатырдыгы”, эӊ башкысы мекенчилдик духу менен журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келе жатышат. Аларга миллиондорду берген деле эч ким жок. Демек, анын өзү кандай гана шарт, кандай гана мезгил болбосун, мунун өзү иликтөө журналистикасы жашай бере турганынан, коомдо иликтөө журналистистикасына зарылдык бар экендигинен кабарлайт.

Болот Таштаналиев

Похожие записи