Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Улуттук журналистика: кесиптик билимди жогорулатууга эч качан эрте да, кеч да эмес

Улуттук журналистика: кесиптик билимди жогорулатууга эч качан эрте да, кеч да эмес

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Алгы сөз

Соӊку жылдарда улуттук журналистика жанрдык жагынан алабызбы, тематикалык жагынанбы, же жаӊы маалыматтык технологияларды, заманбап технологиялык ыкмаларды өздөштүрүү жагынан алабызбы, күн сайын өзгөрүп, улам жаӊыланып барат. Бир сөз менен айтканда, улуттук журналистика эл аралык журналистика жеткен жетишкендиктерден артта калбай, учур менен кадамдаш болуп өсүп-өнүгүүдө. Анын өзү бир катар объективдүү жана субъективдүү жагдайлар менен байланышканы, аны чечмелеп айтпаса да түшүнүктүү. “Азаттык”, “Би-Би-Си”, “Рейтер”, “Франс-пресс”, “Анадолу”, “Спутник.кg”, “Фарс”, “Интерфакс”, “Синьхуа”, “Вэньвэйбао”, n-ost, “Россия”, “Ассошиэйтед пресс”, TÜRKEL, “Аргументы и Факты”, “РИА Новости” ж.б. эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана кабарчыларынын Кыргызстанда аккредитациядан өтүп, туруктуу иш алып барып жаткандыгы улуттук журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө түз жана кыйыр таасир этип жатканы талашсыз.

Балким, жергиликтүү масс-медиа технологиялык, материалдык-техникалык жактан эл аралык масс-медианын деӊгээлинде жабдылып, каржылык жактан да алардын деӊгээлинде каржыланбайт чыгар. Ошентсе да, чыгармачылык жактан жана жаӊы технологияларды өздөштүрүп, аны өз кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдалануу жагынан алардан кем калышпайт.

 

Доор менен бирге

Журналистика тармагына жаӊы технологиялардын кириши, журналисттик ишмердиктин жанрдык жана тематикалык жактан учурдун суроо-талабына ылайык жаӊыланышы, журналисттердин алдына кесиптик билимин жогорулатуу маселесин коюп, өз ишмердигине жаӊыча мамиле кылууну талап кылууда. Айталы, журналисттик материалдарды интернет аркылуу берүүнүн лонгрид форматындагы алгачкы материалды 2012-жылы The New York Times гезитинин сайты чыгарган. Бүгүн ал Кыргызстандын интернет медиаларында: “Спутник.кg”, 24.кg, “ПолитКлиника” ж.б. кеӊири колдонулуп жатат.

Ошол эле учурда, жаӊы технологиялар окурмандардын жана угармандардын өз алдынча маалымат берүү мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачууда. Айталы, “подкастинг” термини эл аралык журналистикада 2004-жылы пайда болсо, Кыргызстандын масс-медиа мейкиндигине 2012-жылдарда келди. Бүгүн “Азаттык” радиосу подкаст каналдарын ачып, аны ийгиликтүү улантып жатат.

Мына ушуга окшогон эӊ жөнөкөй эле технологиялык ыкмалар журналисттерден кесиптик деӊгээлин жыл сайын көтөрүп, алдыӊкы тажрыйбаларды үйрөнүшүн талап кылып, улуттук журналистика учурдан артта калбай, мезгил менен теӊ кадамдап баратканын айтып койсок болот.

 

Жаӊычылдыкка жакын “ПолитКлиника”

ПолитКлиника – журналистиканын эл аралык стандарттарын карманган бейтарап медиа. Аталган медианын сайтынан (www.pk.kg же www.politklinika.kg) журналисттик иликтөөлөрдү, фактчекинг, дата-материалдарды, эксперттердин пикирлерин, эксклюзивдүү маектерди, саясий дебаттарды табууга болот. Алар сайттан тышкары, фейсбук (https://www.facebook.com/PolitKlinika), инcтаграм (https://www.instagram.com/politklinika/?hlүru), твиттер (https://twitter.com/politklinika), ютубду (https://www.youtube.com/channel/UCSvxLfdfXfLFsnxu8Y61HXg) кеӊири пайдаланышат. “ПолитКлиника” өз аянтчаларында рекламалык баннерлерди, рекламалык, пиар макалаларга орун берет. Бир сөз менен айтканда, кыргыз тилдүү заманбап медиалардын бири.

Мурда журналист материал жазып, аны жарыялап коюу менен эле чектелсе, учурда шарт, талап башка. Азыр журналист материал жазуу менен эле чектелбей, ар кыл онлайн аспаптар менен иштегенди да билиши керек, фотосүрөт тартып, видеосюжет жасап, монтаждайт, айтор ар тараптуу адис болууну мезгил талап кылууда. Теманы ар кыл онлайн аспаптардын жардамы менен жеткиликтүү даярдап, аны окурмандарга жеткире билүү да маанилүү. “ПолитКлиника” медиасында биз, баарыбыз универсалдуу журналист, конвергенттүү редакция болууга аракет жасайбыз. Журналисттерибиз визуализация, дата-журналистика, фактчекинг, онлайн аспаптар боюнча ар кыл тренинг, курс, окуулардан сабак алып турушат. Редакцияда атайын дата-бөлүм ачылган, бир катар журналисттерибиз бул жагынан адистешип да калышты. Фактчекинг, журналисттик иликтөөлөр боюнча алдыңкы тажрыйбалар бар. Журналистикадагы жаңы тренддер боюнча окутуу курстарын Интерньюс, Медиа Полиси Институту, Сорос-Кыргызстан жана башка уюмдар уюштуруп, редакциянын атынан атайын тренинг, курстардан үйрөнүп турабыз. Анда дүйнөлүк жана ата мекендик таанымал адистер окутушат. Мындан тышкары “Журналисттер” коомдук бирикмеси да вебинарларды уюштуруп, тиешелүү адистерди тартып келишет. Айтор, ар бирибиз эле тренинг, онлайн курс, вебинар, окууларга үзгүлтүксүз катышууга аракет жасайбыз. Айрым журналисттерибиз өздөрү да билгендерди башка журналисттер менен бөлүшүүгө ынтызар болуп, тренинг, вебинарларды уюштуруп келишет. Онлайн журналистиканын жаңы тренддери, инструменттери журналисттердин кесипөйлүгүн жаңы баскычтарга, бийиктикке көтөрөрүн биз аздыр-көптүр өзүбүздүн практикабыздан көруп жатабыз, – дейт “ПолитКлиника” медиасынын башкы редакторунун орун басары Айгүл Бакеева.

 

Кесиптик билимди жогорулатууга эч качан кеч эмес

Акыркы жылдарда улуттук журналистиканын таанылгыс өзгөрүп жана анда иштегендердин жаш курактарынын жашарып баратканы күн тартибине көптөгөн олуттуу маселелерди жаратты. Анын өзү бир мезгилде советтик журналистиканын мектебинен өткөн улуу муундагыларга – журналистиканын жаӊыча көндүм, ыкмаларын, жанрларын, алдыӊкы технологияларды өздөштүрүү талабын койду.

Бул багытта улуу муундагы журналисттерге кеп-кеӊешин айтып, журналистиканын соӊку жетишкендиктери тууралуу ар кандай окууларды окутуп жүргөн тренерлердин бири – саясий илимдеринин кандидаты, доцент Бакыт Орунбеков. Ал учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде лекция окуу менен бирге, “Азаттык” радиосу менен да кызматташып, эл аралык долбоорлордун алкагында кесипкөй журналисттер арасында да журналистиканын ар кыл маселелери боюнча тренингдерге катышып келет.

“Интернет күчүнө кире электе бир журналистика бар болчу. Азыр коомго маалыматтар салттуу журналистика жана социалдык медиа аркылуу таратылып жатат. Социалдык медианын учурда таасири күч болууда, бирок, жоопкерчилиги жок. Маалыматтар ылганбай, текшерилбей, такталбай эле чыгууда. Мына ушундай шартта салттуу журналистиканын милдети жана жоопкерчилиги күчөдү. Андай миссиянын аткаруу үчүн салттуу медианын кызматкерлерин (тв, радио, гезит-журнал, интернет-басылмалар ж.б.) дайыма окутуп, үйрөтүп, замандын жаңы талаптары менен тааныштырып туруу керек.

Улуу муундагы журналисттерге да кесипкөйлүүлүгүн артыруу максатында ар кандай веб-семинарларга, тренингдерге катышуусун сунуш кылаар элем. Дегинкисинде, кесипкөйлүк көндүм, тажрыйбаны жогорулатууга эч качан кеч эмес. Журналист “мен баарын билем” дебестен, үзгүлтүксүз билим алып турууга тийиш. Маалыматтык технологиялар да аябай ылдам өзгөрүүдө“, – дейт саясий илимдеринин кандидаты, доцент Бакыт Орунбеков.

 

Ж.Баласагын атындагы  КУУнун  журналистика факультетинин окутуучусу Айбек  Түмөнбаев: «Жолду баскан арбытат»

Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети – бир мезгилде журналистика кафедрасы болуп туруп, улуттук журналист кадрларын даярдоонун уюткусу, ары устаканасы боло алган эле. өткөн жылы 60 жылдыгын белгилеген журналистика факультети бүгүн да алдыӊкы сапта. Ж.Баласагын атындагы  КУУнун  журналистика факультетинин окутуучусу Айбек  Түмөнбаев аларга мурдагы салт боюнча бала чагынан журналист менен болом дегендер келип, адистик билим алып жаткандыктарын белгилейт.

“Биз алардын көкүрөгүндөгү шыкты андан ары өстүргөнгө өбөлгө болобуз. Калганы өздөрүнөн, журналистика студенттен көп окуп, көп кесиптик практикадан өтүүнө талап кылат. Эӊ башкысы, бизде КТРК баштаган телерадиожурналистиканын, “Кыргыз Туусу” баштаган басма сөздүн кайталангыс мектебинен өткөндөр сабак беришет” – дейт А.Түмөнбаев

Ал айтмакчы, улуттук университетте улуттук журналистиканын уӊгулуу очокторунан иштеп кеткендер иштөө менен, өз кезегинде КУУнун журналистика факультетинин студенттери КТРК, “Кабар” улуттук агенттиги, “Кыргыз Туусу” баштаган улуттук көч башы жалпыга маалымдоо каражаттарында кесипке үйрөнүү практикаларынан өтүшөт.

“Мурда телерадиожурналистика бир окутулса, азыр тележурналистика, радио журналистика өзүнчө окутулат. Пиар-реклама боюнча кафедра түзүлгөн заман талабына ылайык. Интернет журналистиканы өнүктүрүүгө өтүп жатабыз. Дагы бир жаӊылык, мурда адистештерүүгө басым жасасак, кийинки убакта конвергенттүү журналисттикага ыктап жатабыз, анда журналистик адистиктердин баарынын элементтери бар. Дегенибиз, журналист бир жактуу болбой, ар тараптуу болушу керек.

Кыргыз тилинде журналистикага байланыштуу окуу китептери жокко эсе. Ушул кемтикти толуктап, «Репортердук иш жана газеталык жанрлар» деген китепти жазгам. Мурда биз советтик журналистиканын теориясына гана таянып билим берсек, азыр дүйнөлүк журналистиканын бай тажрыйбасын да өздөштүүдөбүз. Кыргызстанда практикалык журналистика абдан өстү, аны илимий жактан изилдөө, жалпылоо, жыйынтык чыгаруу иши кыйла эле эмгекти талап кылат”, – дейт Ж.Баласагын атындагы  КУУнун  журналистика факультетинин окутуучусу Айбек  Түмөнбаев.

 

Баары башкы редакторлорго байланыштуубу?

ЖМКнын заманбап ЖМК болуп калыптанышында жана анда иштегендердин кесиптик билимин жогорулатууда – анын башкы редакторлорунун, ЖМК жетекчилеринин орду өзгөчө экендигин белгилеп коюуга тийишпиз. Жогоруда “ПолитКлиника” медиасынын мисалында, ал кандайча таанылгыс болуп өзгөргөнүн мисалга тарткан элек. Кыргыз тилдүү ЖМКлар арасында алдыӊкы көз караштагы жана журналистиканын милдет жана жоопкерчилигин мыкты билген, ошого жараша өзгөртүүгө аракет кылган басылмалар аз эмес. Ошолордун бири – Билим жана илим министрлигинин “Кутбилим” гезити.

Тарыхы 70 жылга таяп калган гезитке соӊку 25 жылдан бери башкы редакторлук кылып келаткан Кубат Чекиров эл аралык “Би-Би-Си” радиосу менен көп жылдан бери кызматташып келаткандыктан, эл аралык журналистиканын алдыӊкы тажрыйбаларынан кабары бар. Ошол эле учурда ал Кыргызстандагы ЖМКны өнүктүрүүнү колдогон эл аралык долбоорлор менен да иштешип, улуттук ЖМКда иштеген журналисттерге журналистиканын заманбап багыттары жана канткенде улуттук журналистиканы эл аралык деӊгээлге көтөрүү туурасында сыр бөлүшүп, үйрөтүп келет.

Кыргыз журналистикасы кийинки он жылдыкта демократиянын негизги рычагы, жүзү боло алды. Ал биз күткөндөн да өтө тездик менен өзгөрүп, элдин акыл-эсине, коомго чоң таасир бергенге жетишти. Журналисттер маалымат берүү менен эле чектелбей, талдоонун, иликтөөнүн негиздерин бекем карманганды үйрөнүштү. Бул жаатта элдин эсин эки кылган, чоң сенсацияга айланган бир катар иликтөө материалдары да жарыяланды. Буга мисалга “Азаттыктын”, “ПолитКлиника” медиасы, “КЛООП”, “Кактус” медианын иликтөөчү журналисттерин кошоор элем.

Журналисттерге арналган эл аралык уюмдардын жана “Журналисттер” коомдук бирикмесинин уюштурган тренингдери, веб-семинарлары, атайын окуулуктардын чыгышы да жаш журналисттердин андан ары калыптанышына чоң түрткү берди. Улуу муундагы журналисттер үчүн өтө пайдалуу болуп жатат. Айталы, “Чек арадагы чыр-чатакты чагылдыруу”, “Стереотипсиз жашоо”, “Журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү юридикалык коопсуздук” өӊдүү вебинарлар, тренингдер журналисттердин конкреттүү учурларда окуяны кандай чагылдыруу керектигине даяр шаблон болсо, “Интернет ТВны кандай өнүктүрүү керек?”, “Смартфондо видео монтаждоонун жолдору” ж.б. ушуга окшогон мастер-класстар журналисттер үчүн канчалык маанилүү экенин чечмелеп отуруунун кажети жоктур. Менин айтайын дегеним, мына ушуга окшогон, мастер-класстарга, вебинарларга, тренингдерге катышуу журналисттердин журналистиканын эл аралык стандарттарын жакшы өздөштүрүп кетишине түрткү болду деп айтаар элем. “Кутбилим” гезитинин башкы редактору Кубат Чекиров өзү да эл аралык долбоорлор менен кызматташып, жогоруда мен сөз кылган окуулуктарды, мастер-класс, вебинарларды өткөрүүгө катышып жүрөт. Өз кезегинде редакциядагы кызматкерлерге журналистиканын алдыӊкы тажрыйбаларынан бөлүшүп, иш жүзүндө үйрөтүп келет. Бул абдан эле таасирдүү” – дейт республикалык «Кут Билим» газетасынын башкы редакторунун орун басары Майрамбек Токторов.

 

Сөз соӊу

Жогоруда сөз арасында айтылып өткөндөй, акыркы жылдарда улуттук журналистика аябай өнүктү. Мында ЖМКда иштеп жаткан журналисттерге журналистиканын дүйнөлүк алдыӊкы тажрыйбасы, журналистиканын эл аралык стандарттары тууралуу ар кыл темада окуулуктарды: вебинарларды, веб-семинарларды, тренингдерди, мастер-класстарды уюштуруп, өткөрүп жаткан, эл аралык уюмдардын жана “Журналисттер” коомдук бирикмеси өӊдүү улуттук уюмдардын аракеттерин, кошкон салымдарын белгилеп коюуга тийишпиз.

Өткөндө Кыргыз улуттук университетинин 1-курсунун студенттери менен сүйлөшүп калганыбызда, болочок журналисттер “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жаткан “Кыргыз тилинин грамматикасы жана стилистикасы”, “Интернет басылманы өнүктүрүүнүн сырлары”, “Маалыматка жетүүнүн жолдору”, “Макаланы кантип жазуу керек – этаптары”, “Смартфонго сүрөт тартуунун жана монтаждоонун оӊой жолдору” баштаган вебинарлар, мастер-класстарга абдан кызыга турганын айтышты. Демек, улуу муундагы журналисттер болобу, болочок журналисттерби, жаӊыча иштөө усулдарын үйрөнүү, алдыӊкы тажрыйбалардан сабак алуу ар дайым пайдалуу жана эч качан кеч эмес болсо, жаш журналисттер үчүн эч качан эрте эмес.

Болотбек Таштаналиев

_______

“Журналистика боюнча өтүп жаткан окутууларга мамилеңер кандай?” аталышындагы сурамжылоого катышып бериңизидер! 

 

Похожие записи