Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

«Семерочка»: акысыз гезит кантип керектүү бойдон калышы керек

«Семерочка»: акысыз гезит кантип керектүү бойдон калышы керек

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Басылманын башкы редактору – контент, жамаат, каржылоо жана дистрибуция жөнүндө

«Семеречка» – адамдар жөнүндө гезит, биз бардык темаларды жөнөкөй турмуштук окуялар аркылуу берүүгө умтулабыз. Биз воронеждиктер кандай көйгөйлөргө туш болуп жатканын билебиз жана аларды чечүү жолдору боюнча кеңеш беребиз. Коронавирус пандемиясы басылманын мазмунуна гана эмес, анын дизайнине жана, албетте, анын окурманга жеткирилүүсүнө да таасирин тийгизди – биздин гезит окурмандар үчүн акысыз таратылат.

Биздин редакция өткөн жылы туш болгон башкы көйгөй – бул обочолонуу режимин сактоо зарылдыгы болду. ЖМК өкүлү катары бизге бийлик тараптан талаптар өтө катуу болгон жок. Бирок улам кесиптештердин бири «коронавирус жукту» деп шектене баштаганда, курамына «Семерочка» гезити киргент РИА «Воронеж» холдинги кызматкарлерди аралыкта иштөөгө өткөрүүнү чечти. Бул жамаатка жакты, бирок алгачкы айларда гезит чыгаруу бир топ оор болуп калды.

Редактор менен журналисттин ортосундагы байланыш бузулду. Эгерде мурда милдеттерди белгилөө «бетме бет» жүргүзүлүп, эки мүнөттөй убакыт кетчү, эми болсо корреспонденттер менен бир нече жолу байланышуу жана өзгөчө татаал тапшырмаларды тактоо зарылдыгы пайда болду – анда дагы туура түшүнүшкөнүнө кепилдик жок. Тексттердин сапаты да жабыркады, оңдоо үчүн материалдар авторлорго көбүрөөк жөнөтүлө баштады же редакторлор менен жазышууга туура келди.

Аралыктан иштөө журналисттердин демилгесине дагы таасир эте баштады. Бирок пандемияга чейин муну менен эч кандай көйгөй жок болчу жана обочолонуунун алгачкы төрт айында бардыгы жакшы болчу. Бирок биз андан кийин үйдө отуруу кызматкерлерди ишин начарлата баштаганын байкадык. Корреспонденттердин ишке кызыгуусу сууп, азыраак сунуштарын бере башташты. Демек алар азыраак акча ала башташты, бирок таң калычтуусу бардыгы жабык жана чектелген шартта көбүнө ошол акча эле жетиштүү болуп калды.

Дизайн жөнүндө өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Биздин кесиптештер кандай кылат билбейм, мен болсо версткага байкоо салып, фотографияларды жана тилкелердеги баш жазууларды «жылдырып», башкы беттин бир нече вариантын иштеп чыгууну жактырам. Мурда биз ар түрдүү варианттарды жасап көрүп, анан макетти бекитчүбүз. Аралыктан иштөөдө даяр файлдар менен иштөөгө, андан кийин дизайнерге жазып же чалып, тилкелерге өзгөртүү киргизүүнү суранганга туура келди.

Менин көз карашым боюнча, аралыктан иштөө – айласыздан көнүүгө туура келген кырдаал болду. Коронавирустун биринчи толкуну өтөөр замат биз дароо аралыктан иштөө режимин жокко чыгардык. Бир тобу бул чечимди түшүнүү менен кабыл алышты, каалабагандары дагы акыры көнүштү.

Өткөн жылдын күзүндө экинчи толкундун келиши менен биз холдингде кайра аралыктан иштөөгө өттүк, бирок бул жолу өткөн мезгилдин каталарын эске алдык. Жетекчилер күн сайын жумушка келет, ал эми журналисттер зарылдыкка жараша же чакыруу менен келип турмай болушту. Бирок кандай болсо дагы жумасына бир жолу редакциялык пландоо жыйынына келүүгө тийиш болушту, аны биз бардык коопсуздук чараларын сактоо менен беткапчан өткөрүп жаттык.

Аралаш интерактивдүү пландоо жыйыны, сезондун ойлоп табуусу болуп калды. Бул жамааттын негизги бөлүгү – редакцияда, ал эми үч-төрт көзү алаңдаган киши – Zoom аркылуу байланышкан көрүнүш. Телефонду кеңсенин борборуна орнотуп коюшту жана байланышка чыгышты.

Албетте жаңы иштөө ыкмасын ойлоп таап отурбастан аралыктан иштөөнү уланта берүүгө мүмкүн эле, бирок жашоо көрсөткөндөй, бардык эле адамдарда ишти өз алдынча уюштуруу жөндөмү боло бербейт, айрымдарын түрткүлөп туруу керек.

Убакыттын өтүшү менен биздин бардык кызматкерлер коронавирус менен ооруп айыгышты, андыктан аралыктан иштөө зарыл болбай калды. Азыр биз бардыгыбыз кеңседе иштейбиз.

 

Контентке «Таажы кийгизүү»

Биз Воронеж аймагында гана таратылабыз, ошондуктан адатта биздин темалардын 90 пайызы шаарды өнүктүрүүгө арналган. Бул албетте коммуналдык турак жай чарбасы, транспорт, шаардын инфратүзүмү, курулуш, баалар, жергиликтүү бийликтин чечимдери. Жыл башында федералдык күн тартипке, өзгөчө Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, «Воронеждин уламыштары», «Биздин тарых» деп аталган аймак таануу рубрикалары жана Улуу ата мекендик согуштун 75-жылдыгына арналган материалдар жыл бою окурмандар арасында жакшы окулуп, абдан белгилүү болуп турду.

Бирок коронавирус пандемиясы басылманын тематикасына оңдоо киргизди. Мисалы, биз салттуу «Афиша» рубрикасынан бир нече айга баш тарттык. Анткени шаардагы дээрлик бардык массалык иш-чараларга тыюу салынган. «Коронавирусту жугузуудан кантип сактаныш керек, изоляцияда үйдө кантип акылдан айныбаш керек, президент убада кылган төлөмдөрдү кантип алыш керек, эгерде пандемия убагында иштен бошотсо эмне кылыш керек, аралыктан иштөөнү кантип туура уюштуруу керек ж.б.у.с. күндөлүк тексттер алдыңкы планга чыкты.

Көптөгөн тексттер экономикалык кырдаалга – катардагы жарандар менен ишкерлердин кирешесинин төмөндөшүнө арналган. Атүгүл мындай материалдардын циклдеринин бири Россиянын журналисттер союзу уюштурган «Бүткүл Россия – 2020» медиафорумунун чыгармачыл конкурсунда биринчи орунду алды.

Пандемия гезиттин дизайнына дагы таасирин тийгизди. Кайсыл бир учурда биз гезиттин башкы бетин жасаганга эч нерсе жок экенин түшүндүк: бир жарым ай бою (март-апрель) шаардагы дээрлик бардык темалар коронавируска байланыштуу болду. «Таажы» жөнүндө негизги материал бар – ал эми биринчи тилкеге анонско кое турган башка татыктуу окуялар болгон жок. Ошондуктан тышына бир башкы тема коюп, журналдык вариант менен ошол абалдан чыгып жаттык.

Эки айдан кийин ал көйгөй «чечилди», бирок «өткөөл» дизайн бизге абдан жакты, андыктан башка анонсторду биринчи тилкеге кичинекей фотосүрөтү жок баш жазуу түрүндө кошумчалоо менен аны калтырууну чечтик.

 

Конвергенттик жашоо

«Семерочканын» штатында түздөн түз эки адам – мен жана менин орун басарым иштейт, бирок бизде кадр боюнча эч көйгөй жок. «Семерочка» РИА «Воронеж» холдингинин курамына кирет. Бизде – конвергенттик редакция. Бул демек журналисттер жана дизайнерлер топтун бардык басылмаларына иштейт дегенди билдирет. Чынында Воронежде –  riavrn.ru маалыматтык порталы, «Воронеж курьери» жана «Слова» журналы иштейт. Холдингдин курамына ошондой эле, 32 райондук басылма да кирет, бирок алардын өздөрүнүн штаты бар.

Ооба, бизде өз алдынча өзгөчөлүк бар, ал так ушул биздин гезитке абдан жакын болгон үч-төрт корреспондент жана эки дизайнер. Бирок алар холдингдин башка басылмаларына дагы иштей турганын кайталап кетейин.

Воронеж мамлекеттик университетиндеги журналистика факультетинен улам Воронежде сабаттуу корреспонденттер жагынан эч көйгөй жок. Ал жакта өлкөнүн бүткүл аймактары үчүн сабаттуу адистерди даярдашат. Бизде дагы мезгил-мезгили менен жаңы авторлор пайда болуп турат жана башка дагы бир өзгөчөлүк бар. Адатта бардык бүтүрүүчүлөр онлайн-басылмаларда иштөөнү каалашат. Буга эч нерсе дей албайсың: гезиттер эски маалымат алып жүрүүчү болуп саналат, айрыкча жаштар үчүн. Ошондуктан биз негизинен буга чейин сыноодон өткөн авторлор менен иштешебиз.

Шаарда болуп жаткан окуялардын көпчүлүгү кандай болбосун порталда чагылдырылат. Андыктан бул көптөгөн биргелешкен редакциялардын оорусу, кандай басма ЖМК болбосун, жакшы иштеген сайтта анын дайджестине айланып калуу тобокелдигине туш болот. Текстти алуу жана аны гезиттин талабына ылайык жазуу – иштин эң жөнөкөй варианты. Бирок бул бизге жаккан жок, себеби биздин көз караш боюнча – бул ачык эле будаламай жумуш.

Бизде маалыматтык аянт портал менен чогуу, бирок биз «Семерочканын» күчү менен жазылган өзүбүздүн тексттер ар бир сандын жарымынан кем эмес бөлүгүн толтурушуна аракет кылабыз. Сайтка негизинен кеңейтилген макалалар чыгат, биз болсо аналитикага, серепке, чоң материалдарга жана өзгөчө инфографикага басым жасайбыз. Беттин тилкесине тете өлчөмдөгү чоң жана татаал инфографика, олуттуу эмгек – кагазда эң жакшы көрүнө турган жанр болуп саналат.

Басылма жарык көргөндөн кийин гезиттин тексттерин сайт алат. Биздин конвергенттик холдингде темалар жана аларды аткарууга жөндөмдүү журналисттер арасында ички атаандашуу сыяктуу көрүнүш бар. Биздин аянттардын аталышы ар түрдүү («Семерочка» жана РИА «Воронеж» сайты), алар үчүн редакторлордун ар башка жамааттар жооп берет (ар бир редакциянын – өзүнчө KPIси бар), андыктан эки тараптын жамынчыны өз тарабына тартуу каалоосу дагы түшүнүктүү. Чоң тексттер боюнча конфликттен эң жөнөкөй жол менен – кезектешип иштөө эрежеси менен чыгышты: теманы түзгөн аянтча текстти биринчи чыгарат, анан кезекти экинчиси алат. Албетте, бул жаңылыктарга тиешеси жок – мында биринчилик порталга таандык болуп саналат.

Негизи конвергенция багыты боюнча ар кандай редакцияларды бир түзүмгө бириктирип, персоналдан үнөмдөп жана бул эптеп иштеп кетиши үчүн ойлонуп табылган ылайыксыз ыкма. Андан ар бир аянтчанын эксклюзивдүүлүгү жоголот, бир учурда бардыгы менен иштешкен адистер ар бир басылма үчүн жүрөгүн оорутпайт. Азыр биздин холдингде конвергенттүүлүктөн баш тартуу идеясы бар. Бирок аны кантип ишке ашыруу – чоң суроо болуп турат.

 

Соцдолбоор жана жарнак

«Семерочка» — Воронеж облусунун өкмөтүнүн социалдык долбоору. Ал аз камсыз болгондор, пенсионерлер үчүн ойлонуп табылган, башкача айтканда, гезит сатып ала албаган, смартфону жок, бирок актуалдуу маалымат алгысы келген адамдарга арналган.

Бизде бюжеттик жана бюжеттен тышкары каржылоо бар, болжол менен чыгымдардын жарымы холдингдин коммерциялык ишмердүүлүгү менен акталат. Албетте биз басылманын өзүн өзү актоосуна жетишүүсүн каалайбыз, бирок пандемиянын жана гезиттерге карата кызыгуунун бүткүл дүйнөдө төмөндөө шарттарында анын ишке ашуусу күмөн экенин түшүнөбүз.

Гезиттин аудиториясы негизинен карыялар болгондуктан медициналык борборлор, жеке менчик клиникалар, дарыкана тармактары жөнүндө жакшы жазылат. Ошондой эле, жекече жарыялар, жумушка орноштуруу боюнча сунуштар, майда тиричилик кызматтардын жарнак багыты өнүгүүдө.

Негизи эле гезитте так ошол керек-жарак товарларын илгерилетүү жагынан жакшы мүмкүнчүлүк бар. 90 миң нуска менен басмадан чыгууда биз ири соода түйүндөрүнүн, супермаркеттер үчүн кызыгуу жарата алмакпыз. Эмне үчүн бул толук ишке ашпай келет, сыягы бул суроону конвергенттик принцип боюнча иштеген, бардык аянтчалар үчүн жарнак саткан бөлүмдөргө бериш керек окшойт.

 

Үйлөргө чейин таратуу

«Семерочка» — бул өзүнчө бир сейрек өнүм деген сөздү айткандан коркпойм. Бул акысыз гезит. Мындай басылманын башкы милдети – ал өнүмдү окурмандардын кызыгып алышына жетишүү. Көпчүлүк акысыз өнүмдөр эч кимге керек эмес. Биздин гезитти болсо табуу кыйын – аны толук талап кетишет. Мында эч тамаша жок: пенсионерлер «Семерочканы» таратуу пункттарында бир нече сааттап күтүп турууга даяр, кээде экспедитор кечиксе редакцияга чалышат, атүгүл гезитти текченин үстүнө койгондо кезек талашып, урушуп кетишет.

Өткөн жылдын мартына чейин негизги нуска супермаркеттер аркылуу таратылчу жана контрагенттер биздин өнүм менен дүкөндөгү тартипти бузуп жатканыбызга нааразылыгын билдиришти. Пандемиянын келиши менен бизде мурдагый күтүрөгөн кезекке турбай калышты, атүгүл бир учурда гезит чыгарууну убактылуу токтото туруу маселеси дагы жаралды. Бирок кийин уюштуруучулар басылманы почта жашиктери аркылуу таратуу үчүн каражат табышты.

Ошондон тартып биздин 90 миңдик нусканын төрттөн үч бөлүгү көп кабаттуу үйлөргө таратылат. Гезиттин багытына карата (социалдык долбоор) басым элиталык турак жайларга эмес, биздин массалык окурмандар жашаган хрущевка жана брежневка үйлөрү турган райондорго жасалган. Нусканын бир бөлүгү мурдагыдай эле көп функциялуу борборлордо, шаардын ар бир районундагы социалдык коргоо кызматтарына коюлат. Ошондой эле, редакция жайгашкан кеңсе имаратынын биринчи кабатында гезиттер коюлган текчелер бар.

Үч жыл мурда биз аудиторияны жашартуу багытына аракет кылдык. Воронеждин бардык ири ишканаларына гезит текчелерди жайгаштырдык, атүгүл бир кыйла жаш аудиторияны тартуу максатында аймактык Жол кыймылы коопсуздугу кызматында окурмандар үчүн ар кандай кароо-сынактарды уюштурдук. Бардык жерде гезитти калтырбай алып кетип жатышты, бирок окурманды адам байкаган деңгээлде «жашарта алдык» деп айта албайм. Воронеж – жетиштүү өнүккөн шаар, жаштар атүгүл компьютер гана эмес, смартфондор аркылуу кирип мессенджерлерде, социалдык тармактарда отурат. Ал эми басма ЖМК кандайдыр бир эски, классика, электр унаасынын жанындагы паравоздой эле кабыл алынат. Кыскача айтканда – бул дүйнөлүк тенденция жана өзүнчө Воронежде убакытты артка кайтарган өзгөчө ыкма таптык деп айтыш, албетте күлкүлүү угулат.

 

Жанр кризиси

Биздин окурмандар редакцияга телефон чалат жана кат жазышат. Атүгүл кээде биз баракка жазылган каттарды конверттен алабыз, аны көргөн сайын ичибиз жылыйт. Бизге көптөгөн темалар «Одноклассник» жана «ВКонтакте» соцтармактарындагы топтор аркылуу келип түшөт. Бирок социалдык тармактарды чындап өнүктүрүүгө азырынча мүмкүн боло элек. Андыктан бул чыныгы жанр кризиси болуп саналат.

Топтордо эмне басым жасаш керектиги боюнча түшүнүк жок. РИА «Воронеж» сайтынан жаңылыктарды алып, өзүбүздүкү катары берүү калпыстык болот. Жаңылыктарды репост кылуу – дагы ылайыксыз, порталдын өзүнүн 50 миң катталуучу жазылган социалдык тармагы бар жана алар менен контент жана ыкчамдык жагынан тең келе албайбыз. Анан чоң материалдарды да кое баштадык, бирок өзгөчө баалаган окурмандардан тышкары он миң ариптен турган аналитиканы смартфондон эч ким деле окубайт.

Биз социалдык тармактарды жүргүзүүнүн ар түрдүү варианттарын карап көрдүк, бирок алда канча белгилүү усулдар гезиттин концепциясынан алыс болуп чыкты. Мында ар кыл чөйрөлөр боюнча биздин топтор аркылуу калктан ар кандай арыз-даттанууларды кабыл алуу пункттарын уюштуруу жана мамлекеттик ЖМК макамын пайдалануу менен чиновниктер менен тыгыз байланышты түзүү реалдуураак болмок. Бирок кайрылуулардын саны абдан көп болуп, акырындык менен ошол арыздарды талдаганга редакциянын өзүнөн чоң адистер тобун отургузуу зарыл болоору бизди токтотту. Кызмат адамдарынан ыкчам жооп алуу дагы дайыма мүмкүн боло бербейт. Анда окурманга иштебеген ресурстун эмне кереги бар?

Кыскасы соцтармактар – биздин баш оорубуз жана биз эми 2021-жылы чечүүгө тийиш болгон милдетибиз.

МААЛЫМКАТ

«СЕМЕРОЧКА» коомдук-саясий гезити 2013-жылдын 24-январынан тартып чыгат. Алгач ал «Воронеж курьери» гезитинин тиркемеси болчу, ал эми 2015-жылы өз алдынча ЖМК болуп калат. Воронеж шаарында акысыз таратылат. Жумасына бир жолу чыгат. Көлөмү: А3 форматындагы 24 тилке. Бир сандын нускасы – 90 миң даана. Уюштуруучулар: «РИА «Воронеж» ВО АМ, Воронеж облусунун иш башкармалыгы. Басып чыгаруучу: «РИА «Воронеж» ВО АМ

Сайт: riavrn.ru

Денис Пырков, «Семерочка» гезитинин башкы редактору (Воронеж)

Макаланын түп нускасы – https://jrnlst.ru/semerochka

Похожие записи