Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Караколдук журналисттер УКМК кызматкерлери тарабынан коркутууларга дуушар болушууда

Караколдук журналисттер УКМК кызматкерлери тарабынан коркутууларга дуушар болушууда

Эркин журналисттер Айгүл Такырбашева жана Аленко Хаменко аларга карата атайын кызматтын кызматкери тарабынан коркутуу туурасында жазылган арыздарынын жообун төрт айдан бери күтүшүүдө.

Буга чейин журналисттер жаштар арасындагы экстремизм жана радикализм темасындагы Интерньюстун долбоорунун алкагында иштешкен. Долбоордун максатынын негизинде алар жергиликтүү органдар, алардын катарында УКМК менен дагы тыгыз байланышта иш алып баруулары зарыл эле. Аталган кызматтын борбордук аппараты аларга областтык өкүлчүлүк менен кызматташтыкта жана өнөктөштүктө иш жүргүзүүгө макулдук берген. Ошого байланыштуу журналисттер жергиликтүү кызматкерлер менен жолугушуп, аларга долбоор жөнүндө маалымат берүү максатында таанышууну чечишкен.

“Бизге жолугушууга Нурлан Орозбеков аттуу чыкты, аны менен биз мурда тааныш эмес болчубуз. Биз ал адиске борбордук аппарат кабардар экенибизди билдирдик. Ал болсо өз сөзүндө орой түрдө “Куттуктайм!” деп жооп берди. Биз ошондо алар менен биргелешип иш алып баруу болбостугун түшүндүк”, – деп билдирет журналисттер.

Кийинчирээк, 2019-жылдын июнь айында журналисттерди расмий түрдө экстремиз жана терроризм темасына арналган атайын конференцияга чакырышат. Бирок журналист кыздарга залда атайын кызматтын өкүлдөрү катышып жаткандыгын билдирип, тасмага түшүрүүнү токтотуп, бөлмөдөн чыгып кетүүнү талап кылышкан. Журналисттер аларды ким, эмнеге чакыргандыгын түшүндүрүшкөн. Ошол жерден алар кайрадан Нурбек Орозбеков менен кезигишет. Журналисттердин айтымында, аталган кызматкер аларга карата орой мамиле кыла баштайт. Айгүл Такырбашева андан тасмага түшүрүүгө тыюу салган албы деп сураган. Ошондо атайын кызматтын өкүлү аларды коркута баштаган: “Абайлап жүрсөңчү, кокустук болуп кетпесин…”, – деп.

“Менин нервим козголуп, коркуп да кеттим, ал мени чаап жибереби деп. Ортобузда конфликт жаралып кетти, мен ошондо абдан эле корктум”, – деп эскерет А. Такырбашева.

Ошол эле күнү журналисттер, Н. Орозбековдун үстүнөн облустук прокуратурага арыз менен кайрылышкан.

14-августта иш толугу менен Балыкчыдагы аскер прокуратурасына жөнөтүлөт.

“Азыр эмне болуп кетээрин так билбейбиз. Бир жумадан кийин тергөөнүн жыйынтыгы чыгат. Иш бардык мыйзамдын нормалары менен каралат”, – деп билдирди бизге ишти карап жаткан аскердик прокуратуранын тергөөчүсү.

Н. Орозбеков менен болгон бетме-бет жолугушууда ал бардыгын танып, тескерисинче журналисттерди жалганчылар деп айыптаган.

Н.Орозбеков бул окуя тууралуу бизге маалымат берүүдөн баш тартып, бул жалган жалаа жана эч кандай коркутуулар болгон эместигин билдирди.

Алена Хаменко бул нерсенин бардыгы алардын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтып, буга чейин алар жергиликтүү көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келгендигин белгилейт (уранды иштетүү, жолдордун курулушу жана таштанды таштоочу жай жөнүндө), ошону менен бирге алар тынч митингдерге дагы катышып келишкен.

Нургүл Шаршембиева,
“Журналисттер” КБнын Ысык-Көл областы боюнча өкүлү

Окшош посттор