Журналисты
Жаңылыктар

“Журналисттер” КБ 3-май тууралуу

3-май – Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркинидигинин күнү. Бүл күнгө карата “Журналисттер” КБ карикатуралар сынагын колдон келишинче өткөрүп келет. Былтыр дагы биздин бирикме карикатуралар сынагын өткөрүп, жыйынтыгында сынактын катышуучуларына сыйлык тапшыруу иш чарасы жана көргөзмөнүн ачылышын БГУнун имаратында болгон эле.

Быйыл дагы “Сөз эркиндиги карикатуристтердин көз карашында” деген сынакты жар салганбыз. Кулактандырууну болушунча сүрөтчүлөр көп жүргөн жана башка дагы коомдук жайларга илип чыкканбыз. Кудайга шүгүр, иштер келип жатат. Бул сынакка такшалган сүрөтчүлөрдөн ышкыбоздорго чейинкилер катыша алышат. Сүрөттөрдү бул жерден көрө аласыздар.

Карикатураларды 15 майга чейин кабыл алууну узарттык. Быйылкы жылы былтыркыга салыштырмалуу карикатуралар көбүрөөк келип түштү. Ал иш чара дагы адаттагыдай 3-майда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, көргөзмө бүгүн расмий түрдө өз ишин баштамак. Тилекке каршы, бул илдеттин айынан ал иш чараны өткөрүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырууга туура келди.

Сынакты эки жылдан бери “Сорос-Кыргызстан” фондусу колдоого алууда. Бул жылы Кактус Медиа, ПолитКлиника, Азаттык жана Т-Медиа уюмдары бизге маалыматтык колдоо көрсөтүп келишет.

“Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү” менен “Журналисттер” КБ бардык кесиптештерди чын дилинен куттуктайт.

Окшош посттор

“Клооптун” операторуна байланыштуу окуя боюнча ИИМ ички иликтөө жүргүзөт

Administrator
03.08.2019

Конкурс гражданской журналистики “Экодело”

Administrator
20.01.2014

Госкомитет национальной безопасности объявил конкурс среди СМИ

Administrator
14.09.2012