Журналисты
Жаңылыктар

Жарандык активистке жана журналисттерге карата коркутууларды милиция текшерип баштады

Ош шаарында фактчек (маалыматтарды текшерүү) жөнүндө тренинг өтүүнү пландап жаткан жарандык активист Улан Үсөйүнгө жана Faktcheck.kg сайтынын журналисттерине карата коркутуу мүнөзүндөгү пост боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы текшере баштады.

«Бул иш 15-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жоруктарды жана кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине «ээнбаштык» деп катталды. Текшерүү иштери жүрүп жатат. Али (Али Абдразаков – пост жазган жаран – ред.) Кара-Суу районунун аймагында жашаган дин өкүлү экен. Ал чакырылдыбы, жокпу, азырынча маалыматым жок», – деди Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков.

Социалдык тармактарда жарандык активист Улан Үсөйүнгө жана журналисттерге карата коркутуулар болуп жатканын, буга тезинен көңүл буруу керектигин журналисттер айтып чыгышкан.

«Биз, басма сөз кызматы, «журналисттер ушундай пост жазып, адам өмүрүнө коркунуч келтирди деп жатышат. Резонанс жараткандыктан, териштирүү зарыл деп эсептейм» деп жазып, жетекчиликке рапорт менен кайрылганбыз», – деди Замир Сыдыков.

Фактчек боюнча пландалган тренинг Ош шаарында кайсы күнү өтөрү такталып жатат.

«Корко турган эч нерсе жок. Милиция өз ишин кылып жатат. Мен ойлойм, милиция өз ишин так кылат деп. Биздин иш-чара болот. Барабыз. Уюштуруучулар тактап, так датасын айтышы керек. Мен барам», – деди жарандык активист Улан Үсөйүн.

Маалыматтарды текшерүү боюнча окутуулар өлкөнүн башка аймактарында да өтөт.

«Кооптонуу болбой койбойт. Себеби, пост жазган киши ачык коркутууга чакырып жаткандай. Анын артында комментарийде чакырыктар бар. Биз коопсуздук маселесин караштырып, баары бир тренинг өтөбүз деп пландаштырып жатабыз. Себеби, биздин максатыбыз – фактчекингди бардык региондорго жайылтуу, сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу. Жалган маалымат, манипуляция менен күрөшүүнү ири шаарларда гана эмес, региондорго да жеткирүүнү максат кылып жатабыз», – деди Faktcheck.kg сайтынын кабарчысы Асель Сооронбаева.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош облусундагы өкүлү

Окшош посттор

Экс-президенттин Кой-Таш айылындагы үйүндө журналистке кол салып, аны резиденциянын аймагынан чыгарып коюшту

admin
27.06.2019

Нарында жергиликтүү журналистти район акими телефондон коркутуп-үркүтүүгө алган

admin
15.09.2020

Семинар для молодых журналистов в Лейпциге, Германия

admin
27.07.2012