Журналисты
Жаңылыктар

Жапония КТРКга 600 миң долларлык жардам берет

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Жапониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосунда жаңы келишимге кол коюлду.

Ага ылайык JICA КТРКга 2006-жылы берген техникалык жабдууларын оңдоп, кайра калыбына келтирмекчи. Бул туурасында аталган КТРКдан маалымдашты.

 Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаевдин айтымында, берилип жаткан жардамдын суммасы 600 миң АКШ долларына жетет.

2006-жылы JICA КТРКга 7 млн. долларлык техникалык жабдууларды бекер берип, жардам көрсөткөн. Андан бери берилген камералар, монтаждык столдордун жана техникалык жабдуулардын айрымдары эскирсе, айрымдары 2010-жылдын апрель окуясы маалында талкаланып, керектен чыккан. Ушундан улам, 10 күндөн бери Жапониянын Эн-Эйч-Кей (NHK) телеканалынан 2 адис келип, жабдууларды текшерүүдөн өткөрдү. Эми эки тараптын алгылыктуу кызматташуусунун жыйынтыгында 2013-жылдын апрель айынан тартып КТРКга жардам берүү чечими кабыл алынды.

Окшош посттор

Объявлен набор на курс по ведению репортажей на тему еды

admin
11.01.2013

В Оше наградили местных журналистов

admin
09.07.2012

Пулитцеровский центр освещения кризисов предоставляет гранты

admin
19.12.2012