Журналисты
Жаңылыктар

“Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары” 2013 ММК үчүн УЛУТТУК СЫНАК

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун, Швейцария өкмөтүнүн “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жана башка уюмдардын колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту

Каалаган ММКда журналисттик иликтөө же аналитикалык макала жанрында видеоматериалдарды жазууга же даярдоого улуттук сынак жарыялайт. Төмөнкү темалар сунушталат: бюджеттин айкындуулугу жана натыйжалуулугу (анын ичинде КР Эсеп палатасынын ишмердүүлүгү), тоо-кен тармактарындагы, энергетикадагы жана донордук жардамды бөлүштүрүүдөгү көйгөйлөрдүн анализи.

Сынакты өткөрүүнүн тартиби

Кыргыз Республикасындагы басма, берүү жана интернет ММКда эмгектенген штаттагы жана штатка кире элек авторлорго төмөнкү темаларга жарыяланган же обого чыккан журналисттик иликтөөлөрдү жана аналитикалык материалдарды берүү сунушталат:

Ар бир автор каалаган санда материал тапшырса болот – чектөө жок. Сынакка катышып жаткан материалдардын баары 2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында жарыяланыш керек.

Маалымат агенттиктердин сайтындагы жаңылыктардан ылгап алынган формада даярдалган материалдар 1 (бир) материал деп эсептелет.

Сынактык материалдардын тили – кыргызча, орусча.

 

Конкурс боюнча кеңири маалымат  алуу үчүн бул жерге басыңыз

Окшош посттор

Белгилүү ардагер журналист, коомдук ишмер Кенжалы Сарымсаков көз жумду

Administrator
21.05.2015

ЖМК өкүлдөрү үчүн “Стереотипсиз жашоо” тренинги

Administrator
07.05.2021

Журналисттерге “ПРЕССА” деген жазуусу бар жилеттер таратыла баштады

Administrator
02.10.2020