Журналисты
Жаңылыктар

Белгилүү ардагер журналист, коомдук ишмер Кенжалы Сарымсаков көз жумду

Белгилүү кыргыз ардагер журналисти, устат жана коомдук ишмер Кенжалы Сарымсаков катуу оорудан кийин 20-майда түнү бул дүйнө менен коштошту.

Кенжалы Сарымсаков 1939-жылы 5-мартта Чүй боорундагы Мураке айылында төрөлгөн. Орто мектепти бүткөндөн кийин жети жыл чабан болуп эмгектенген. Айылч арба институнда окуп, Ленин атындагы заводдо жумушчулукка кетип калганда, комсомолдун Борбордук Комитети тарабынан (азыркы Жайыл) районуна комсомолдук ишке жиберилген.

1964-1966-жылдар – комсомолдук кызматкер. Андан кийинки 15 жыл “Билим” коомунда окумуштуулар, адистер, интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусунда лекциялык пропагандалык иштерде иштеген.

Мамлекеттик тил комиссиясында, Терминкомдо кызмат өтөгөн. Республикалык гезиттердин биринде “Тилдүйнө” деген тиркемени ар бир санында жума сайын чыгарып турган.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргызтили” төш белгиси менен сыйланган.

1973 – жылдан 2003-жылга чейин теле-радиодо Тил, улуттар аралык мамиле, эл аралык турмуш маселелери боюнча штаттан тышкары, кийин штатка өтүп, 30 жыл комментатор болуп иштеген.

Кыргыз телеграф агенттигинде (азыркы “Кабар”) котормочу, Партиянын тарыхы институтунда улук илимий редактор болуп иштеп жүргөн кезинде тарыхий жана мемуардык маанидеги алты китепти кыргызчалаган.

Кыргыз тили, кыргыз наркы, сөз баркы тууралуу көптөгөн макалалардын автору.

Кенжалы Сарымсаковдун сөөгү 22-майда акыркы жылдары жашап келген Кичи Орок айылында жерге берилет. Коштошуу зыйнаты саат 11:00дө Ашпара көчөсү, 19А дарегинде башталат.

Окшош посттор

ИИМден шайлоону чыгалдырган журналисттердин тоскоолдуксуз иш алып баруусун камсыздоону талап кылышты

Administrator
08.01.2021

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун маалымат жыйынынан журналистти күч колдонуп менен чыгарып коюшту

Administrator
19.09.2019

Конкурс на лучшие статьи: «Добросовестное управление»

Administrator
21.09.2012