Журналисты
Жаңылыктар

ЖК чуу жараткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамын кароону кийинкиге калтырды

ЖК Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюна комитети «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата Президенттин каршы пикирин кароону кийинкиге жылдырды.

Комитет башчысы Гүлькан Молдобекова белгилегендей, Президенттик аппараттан аны күн тартибинен алып салуу өтүнүчү түшкөн. Депутаттар ал кайрылууну колдошту.

Эске салсак, 2020-жылдын 26-июнь күнү парламент депутаттары резонанс жараткан документти жактырган. Ал үчүн Жогорку Кеңештин 79 депутаты добуш берген. Жарандык активисттер, ата мекендик жана эл аралык укук коргоочулар Сооронбай Жээнбековдон Гүльшат Асылбаеванын республикадагы сөз эркиндигине коркунуч жараткан мыйзам долбоорун алып салууга вето коюуну талап кылышкан. Бирок Конституция боюнча мамлекет башчынын абсолюттук вето коюу укугу жок.

Чуу пайда кылган мыйзамды экс-президент Жээнбеков июлда Жогорку Кеңешке кайра иштеп чыгууга жөнөткөн. Каршылыкты жоюу боюнча топ түзүлгөн.

Эске салсак, бүгүн медиа коомчулук ЖК депутаттарынан чуулуу мыйзамды карабоону талап кылды. Эксперттердин сөзү боюнча, документти жетинчи чакырык тарабынан каралууга тийиш. Медиа эксперттер эске салат: бул курам бир катар мыйзамдарды кабыл алууда бардык процедураларды орой бузуулары жана коомчулуктун пикирин эске албастыгы менен өзүн дискредитация кылды.

Окшош посттор

«Журналисттик иликтѳѳ» боюнча тренинг

Administrator
22.04.2015

Госкомитет национальной безопасности объявил конкурс среди СМИ

Administrator
14.09.2012

“Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары” 2013 ММК үчүн УЛУТТУК СЫНАК

Administrator
28.01.2013