Журналисты
Жаңылыктар

ЖМК өкүлдөрү үчүн “Стереотипсиз жашоо” тренинги

ЖМК жетекчилерин, редакторлорун жана журналисттерди майыптык темасын чагылдыруу боюнча “Стереотипсиз жашоо” акысыз тренингине чакырабыз!

Окууда майыптык темасын “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү БУУ Конвенциясынын принциптери негизинде, стереотиптерсиз чагылдырууга, майыптыгы бар адамдардын медиадагы түзүк образын калыптоого жана туура терминдерге үйрөнө аласыздар.

Датасы: 14-май 2021

Убактысы: 11:00 – 13:00

Окутуу онлайн өтөт (шилтемеси катталуудан кийин жиберилет).

Тренери: Бактыгуль Чыныбаева

Катталуу үчүн аты-жөнүн жана иштеген жерин/кызматын media.dia.ordo@gmail.com дарегине же 0508 88 22 98 номур боюнча WhatsApp мессенджерине жиберүү шарт.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосуда өткөрүлүүдө.

Окшош посттор

Основатель ИА K-News Илим Карыпбеков передает агентство в другие руки

admin
05.09.2012

Объявлен конкурс среди СМИ на публикации об энергосбережении

admin
28.10.2013

Дүйнөдө интернет эркиндиги чектелүүдө

admin
28.10.2015