Журналисты
Жаңылыктар

Журналисттерге “ПРЕССА” деген жазуусу бар жилеттер таратыла баштады

“Журналисттер” коомдук бирикмеси ЖМКлардын өкүлдөрүнө “ПРЕССА” деген жазуусу бар кесиптик жилеттерди тарата баштады. Алар журналисттердин өтүнүчү боюнча “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жардамы менен тиктирилип, таратылып жатат.

Жилеттерди тиктирүүдө журналисттик ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрү эске алынган. Анда журналисттик майда жабдык-шаймандарды салып койгонго көптөгөн чөнтөктөр жана түнү жарыкты чагылдырган тилкелер каралган.

Бардыгы болуп 250 жилет тиктирилди. Алардын жарымы аймактык, ал эми калган жарымы борбордук журналисттердин арасында таратылмакчы. Аймактарда жергиликтүү журналисттердин көбүн, ал эми борбор калаада учурда элди маалымат менен камсыздоо жаатында жигердүү иштеп жаткан ЖМКларды камтуу пландалууда.

Жилеттерди аймактарга жиберүү боюнча даярдыктар
Аймактарга жибергенге даяр таңгактар

Учурда жилеттер аймактарга жөнөтүлдү. Айрым облустарда алар журналисттерге таратыла баштады.

Таласта
Ошто

Жакынкы күндөрү жилеттерди Бишкектеги журналисттердин арасында таратып бүтүрүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин “Журналисттер” КБ жана “Сорос-Кыргызстан” фондусу аймактык журналисттердин көбүнө жана айрым борбордук ЖМКларга эки жолу коргонуу каражаттарын тараткан.

Окшош посттор

Массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 31-мартка чейин узартылды

Administrator
25.02.2019

Шесть возможностей, на которые журналистам стоит обратить внимание в октябре

Administrator
09.10.2014

Журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгында каза болду

Administrator
11.02.2019