Журналисты
Жаңылыктар

Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын чагылдыруу боюнча вебинарлар өткөрүлдү

Майыптыгы бар адамдар менен маек куруудан мурун, аларга карата болгон стереотиптик көз караштардан биринчи кезекте журналист өзү арылып,  Конвенциянын нормалары менен таанышып алганы жакшы. Учурдагы үгүт кампаниясы учурунда майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү форматта маалыматтарды даярдап таратып жатышабы?

Вебинардан көрүнүш

Бул тууралуу 2020-жылдын 19- жана 21-сентябрында журналисттер жана блогерлер үчүн майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну чагылдыруу боюнча вебинарларда кеп болду.  

Вебинарда калемгерлер шайлоо участокторунун майыптыгы бар адамдар үчүн түзүлгөн шарттарын чагылдыруу, шайлоого келген майыптыгы бар адам менен маек куруунун өзгөчөлүгү, майыптыгы бар адамдарга байланыштуу стереотипсиз маалыматтарды даярдоо, алардын укуктары жөнүндөгү БУУнун Конвенциясынын негизги нормалары тууралуу маалымат алышты. 

Мындан тышкары бул темада жазылган айрым маалыматтарды талкуулашып, майыптыгы бар адамдарга карата элдин стереотиптик ой-жүгүртүүлɵрү алардын социалдык жактан интеграцияланышына жана коомго адаптацияланышына дайыма тоскоолдуктарды жаратып, аларга психологиялык жаракаттарды келтирип, коомчулуктан четтеп калышы боюнча талкуу болду. 

Вебинарлар БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорлорунун колдоосунда уюштурулду.

Окшош посттор

Kyrgyztoday сайтынын башкы редактору Бегалы Наргозуев: “Биздин сайттагы макала боюнча төгүндөө бербейбиз, экс-спикер Келдибеков менен соттошууга даярбыз”

admin
05.09.2019

Орозалы бул өмүрдөн кетсе да, көңүлүбүздөн кетпейт

admin
20.04.2015

Принимаются работы на фотоконкурс “Сила в цифрах”

admin
30.07.2012