Журналисты
Жаңылыктар

Парламенттик комитет “Маалыматты бурмалоо” боюнча мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгара турган топту түздү

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Маалыматты бурмалоо” боюнча чыр чатактуу мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түздү, деп билдирет 24.kg.

Жыйын учурунда бул топко киргендердин ысымдары аталбады. Анын курамына адилет, экономика, санариптик өнүгүү министрликтеринин жана УКМКнын өкүлдөрү кире тургандары гана белгилүү.

Эскерте кетсек, мурда депутат Гүлшан Асылбаева интернеттеги контентке көзөмөл кылуучу атайын органды түзүү сунушун айткан. Анын айтымында, мыйзам долбоордун максаты – жарандардын, юридикалык тараптардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо жана аларды интернетте таркатылып жаткан жалган маалыматтардан коргоо болуп саналат.

2020-жылдын 26-июнунда депутаттар мыйзам долбоорду кабыл алышкан. Бирок ошол эле жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков макул эместигин билдирип аталган мыйзамы долбоорду кайра парламентке кайтарган.

31-майда өлкөбуздүн медиа коомчулугу кайрылуу жасап, анда “Маалыматты бурмалоо” боюнча мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү пайдасыз экендигин жана учур талабына жооп бербестигин билдиришкен. Тармактык комитетке бул маселени кароону күн тартибинен алып салуу сунушу айтылган.

Окшош посттор

Медиа-организации и правозащитные организации обеспокоены давлением со стороны сотрудников ГКНБ на ИА K-News

admin
22.06.2012

Декабрдын башында Эшимканов атындагы фонд уюштурган конкурстун биринчи жеңүүчүсүнүн ысымы аталат

admin
29.11.2012

Журналисттер сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана укук темасын чагылдыруу боюнча билим алышууда

admin
17.06.2015