Журналисты
Жаңылыктар

«Азаттыктын» ишин токтотуу боюнча соттук чечим жокко чыкты

Бүгүн 12-июлда Бишкек шаардык соту «Азаттык» боюнча Ленин райондук сотунун 2023-жылдын 27-апрелинде чыгарган чечимин жокко чыгарды. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Азаттыктын» ортосундагы Жарашуу келишими бекитилди ошондой эле министрликтин доо арызы менен козголгон жарандык иш боюнча өндүрүш токтотулду.

Эскерте кетсек, буга чейин Ленин райондук соту «Азаттыктын» үстүнө түшкөн доо арызды канааттандырып, аталган редакциянын ишин токтоткон. Эми аталган чечим жокко чыккандан кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин кайра жандандыруу зарылдыгы жөнүндө кат жөнөтмөй болду.

Демек, кесиптештерибиз, «Азаттыктын» эмгек жамааты, өз ишин улантмакчы болду. Куттуктайбыз!

Окшош посттор

Гранты 2013-2014 для обучения в магистратуре Академии Deutsche Welle (Германия)

Administrator
27.11.2012

Мектеп окуучуларынын гезитинин кезектеги саны жарык көрдү

Administrator
23.01.2013

Принимаются работы на конкурс фотографий дикой природы “Золотая черепаха”

Administrator
24.08.2012