Журналисты
Жаңылыктар

Журналист Эрнис Асек уулу дүйнөдөн кайтты

Кыргыздын чыгаан жигити Эрнис Асек уулу 50 жашында бул дүйнөдөн кайтты. 29-январда саат 9 чамасында жүрөгү токтоп калды.

Эрнис Асек уулу көз карандысыз жаңы кыргыз журналистикасынын башында тургандардын бири болгон. Ал агасы Мелис Эшимканов негиздеп, башында жетектеген “Асаба”, кийин “Агым” гезитинде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Акыркы жылдары “Жаңы Агым” гезитин чыгарып, аны жетектеген.

Эрнис Асек уулу ошондой эле эч кимге окшобогон өз үнү бар мыкты акын жана жазуучу болгон. Ал ошондой эле котормо өнөрүнүн чебери катары белгилүү болчу. Бир катар чет элдик жазуучулардын, чыгыш аалымдарынын эмгектерин которгон.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси Эрнис Асек уулунун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу жубайы Назира Саалиевага, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Окшош посттор

«Ынтымак» телеканалынын кабарчысы күбө катары сурак берди

Administrator
07.03.2020

Объявлен набор на курс по ведению репортажей на тему еды

Administrator
11.01.2013

Итибаевди кармоо операциясында журналист сабалды

Administrator
23.10.2015