Журналисты
Жаңылыктар

www.journalist.kg сайтында алгачкы блогдор ачылып баштады

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин расмий сайтында жалпыга маалымдоо кызматкерлеринин алгачкы блогдору пайда болуп баштады. Азырынча 3 блог ачылып, дагы бир нече кесиптештерибиздин  билдирмеси катталды. Блог ачуу мүмкүнчүлүгү даниялык IMS уюмунун каржылык көмөгү менен аталган сайтты кайрадан жаңылап иштеп чыккандан кийин жаралды.

Журналисттер интернеттеги жаңы ачкан баракчасында кесиптештери менен иш боюнча маселелерин талкуулай алышат, андан сырткары пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүү, өздөрүнүн портфолиосун түзүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Блогерлердин бири, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев www.journalist.kg сайтында блог түзүү артыкчылыгы – кесиптик чөйрө экендигин айтты. “Бизде журналистикага же блоггерликке тиешеси бар адамдар гана өз блогун ача алат. Демек, бул жерде ошол кесиптегилер өздөрүнө (журналистикага – ред.) тиешелүү темаларда  пикир алышып, кызыктырган маселелерин талкуулай алышат. Ал бизге медиа чөйрөдө эмне кептер жүрүп жатат, кандай жаңылыктар болду, журналисттердин кандай көйгөлөрү бар экендиги туурасында маалымдар болуп туруу мүмкүнчүлүгүн берет. Бир катарлары балким, жаңы иш же жаңы авторлорду табышат”,-деди М.Токоев.

Окшош посттор

“Туулган жерим асыл турагым” сүрөт конкурсу

Administrator
10.02.2014

Пулитцеровский центр предлагает гранты для журналистов

Administrator
06.06.2013

Журналисттик иликтөөлөр фонду журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн чакан гранттарды алууга сынак жарыялайт

Administrator
04.11.2018