Журналисты
Жаңылыктар

Адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук конкурс

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы(Омбудсмен) институтунун ѳнѳктѳштүгү менен Европа Шериктештиги жана Норвегия өкмөтүнүн каржылык колдоосу астында «Демократиялык реформаларды алгалатуу үчүн, журналистик иликтөө тажрыйбасын калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын мамлекеттик институттардын жана ММК ѳкүлдѳрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жѳнгѳ салуу»  долбоорунун алкагында адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты

Конкурстун шарттары

Кыргыз Республикасындагы бардык басма, радио жана интернет – ММКнын штаттык жана штаттагы эмес журналисттери  адам укуктарынын бузулушу жаатында жарыяланган жана  эфирге чыккан журналисттик иликтөөлөрүн жөнөтө алышат. Конкурска  2015-жылдын 1-январынан, 2015-жылдын 31-октябрына чейин жарыяланган же эфирге чыккан материалдар гана кабыл алынат. Конкурска орус жана кыргыз тилинде жазылган материалдар кабыл алынат. Бир же бир нече авторлор үчтөн ашык эмес материалды сунуштай алышат. Эгерде конкурска бир нече авторлор тарабынан даярдалган материалдар сунуш кылынса, ал тууралуу бардык башка авторлор конкурска чейин кабардар болушу зарыл. Кокусунан автордук укук боюнча талаш-тартыш оорун алса, ага конкурстун уюштуруучулары жооп беришпейт. Конкурска жиберилген материалдар рецензияланбайт жана ээсине кайтарылбайт. Тандалып алынган материалдар Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун www.iwpr.net,  Аналитикалык журналистиканын Борборазиялык бюросунун www.cabar.asia жана башка өнөктөштөрдүн сайттарында жарыяланат. Конкурстун уюштуруучуларына, зарыл болгон учурда, конкурска түшкөн материалдарды колдонуу укугу берилет. Конкурска илимий макалалар же семинар, трениңдердин жана тегерек столдордун материалдары, ошондой эле конкурстун темасына ылайык келбеген материалдар кабыл алынбайт. Конкурска материал жѳнѳтүү жогоруда айтылган «конкурстун бардык шарттарын» кабыл алгандыкка жатат.  

Конкурсту өткөрүү тартиби

Конкурска катышуу үчүн 2015-жылдын 2- ноябрында саат 17:00  дѳн кечикпей төмөндөгүдөй материалдарды берүү талап кылынат:

  1. Толтурулуп, кол коюлган атайын билдирменин үлгүсү(төмөндөгү шилтемеден ала аласыз).
  2. Материал жана ал жарыялангандан кийинки жыйынтык жѳнүндѳ кыскача баяндама.
  3. Конкурс үчүн материал.

Конкурска даярдалган материалдар электрондук түрдө төмөнкү электрондук дарекке konkurs.centralasia@iwpr.net.   жөнөтүлүшү шарт. Материалдардын жарыялангандыгы же эфирге чыккандыгы тууралуу тастыктамалар (гезиттин же журналдын копиясы, интернет булагынын скриншоту, эфирге качан, кайсыл убакта чыккандыгы тууралуу эфирдик тастыктама) болуусу зарыл. Аудио материалдар угууга жана жүктөп алууга мүмкүн болгон атайын жабдууларга жазылышы шарт, ал эми аларды табуу үчүн тийешелүү шилтемелер конкурска жөнөтүлгөн электрондук почтада так көрсөтүлүүсү зарыл. Конкурстук комиссиянын курамына Кыргызстандагы белгилүү укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү, тагыраак айтканда алдыңкы журналисттер, редакторлор, медиа тармагындагы эксперттер, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун өкүлдөрү, уюштуруучулардын өнөктөштөрү киришет. Алар бардык материалдарды карап чыгышып, 2015-жылдын 10-декабрына чейин жеңүүчүлөрдү аныкташат. Конкурска жиберилген материалдар төмөндөгүдөй критерийлер менен бааланат: Журналисттик иликтөөнүн элементтеринин камтылышы боюнча:

Конкурстун жеңүүчүлөрү 2015-жылдын 10-декабрында Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата сыйланышат.  

Уюштуруу комитети төмөнкүлөргө укуктуу:

Белектер

Конкурстун жеңүүчүлөрү акчалай сыйланышат. Акчалай белектер төмөнкү номинациялар боюнча ыйгарылат: Басылма каражаттары:

OnLineММК/ Радио:

Долбоордун атайын номинациялары:

Ошондой эле, атайын номинациялар боюнча кошумча белектер бар. Конкурстун уюштуруучулары конкурска түшкөн материалдардын санына жана сапатына карап, каржылык фондду толук колдонбоо укугуна ээ. Мындай учурда үнөмдөлгөн каражат кошумча берилүүчү белектерге жумшалат. Конкурска катышууну каалаган авторлорду өз материалдарын Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун өкүлчүлүгүнө, төмөнкү дарек боюнча жөнөтүүсүн өтүнөбүз: konkurs.centralasia@iwpr.net Конкурска материалдар 2015-жылдын 2-ноябрь саат 17.00 чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу билдирмесинин үлгүсүн төмөнкү  даректен таба аласыздар: www.cabar.asia (http://cabar.asia/main-ru/23-ru-ru/events/events-kg-ru/242-adam-ukuktary-zhaatyndagy-mykty-zhurnalisttik-ilikt-ch-n-uluttuk-konkurs ) Конкурска катышуунун атайын билдирмесинин үлгүсүн алуу же толтуруу боюнча суроолор болсо Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюча кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары, Киев көчөсү 114/2 , бөлмө №1; тел.: (996 312) 312 995, 313 411; e-mail: iwpr.kyrgyzstan@iwpr.net

Окшош посттор

Урматтуу кесиптештер, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

admin
06.11.2012

27-ноябрда Кыргызстандагы диндер жана диний агымдар тууралуу лекция өткөрүлөт

admin
25.11.2014

Аппарат Президента КР объявляет конкурс среди журналистов на лучшее освещение тем, посвященных Году семьи, мира, согласия и взаимного прощения

admin
23.10.2012