Журналисты
Жаңылыктар

Митингчилер ЖМКларды коркутууда (толукталды)

10-октябрда Эски аянттагы Өкмөт үйүнүн алдына чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары бардык эле ЖМК алардын митингин чагылдырбай жатканына доомат айтышкан. Kaktus.media билдиргендей, алардын дооматы «Азаттык», Kaktus.media, «Sputnik Кыргызстан» сыяктуу ЖМК багытталган. Мындан тышкары, алар «Лимон», ОМКС, «Маалымат», «Беспредел» басылмаларын жана пабликтерди сынга алышкан.

Митингчилер эгерде бир сааттан кийин медиа келбесе, аларга өздөрү бара турганын билдиришкен.

Андан көп өтпөй «Sputnik Кыргызстан» басылмасы алардын эшигинин алдына адамдар тобу келип, Эски аянттагы митингди чагылдырууну талап кылышканын билдирген.

«25-30 адамдан турган топ Садыр Жапаровду колдогон митингди чагылдыруу үчүн тез арада корреспондент жөнөтүүнү талап кылышты.

Белгисиз адамдар орой түрдө «Sputnik редакциясына 30 мүнөт берерин билдирип, болбосо каалгаларды сындырып, талкалап жана аларды тынчытууга аракет кылган кароолчуну жазалай турганын айтышты», – деп «Sputnik Кыргызстан» кабарлаган.

Эске салсак, кечээ «Азаттыктын» операторуна Садыр Жапаровдун тарапташтарынан коркутуу болгон, ошондой эле, редакцияга кол салуу болушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат келген.

9-октябрда митингчилер 7-каналдын журналисти Мээрим Ташибековага дагы кол салышкан. Алар журналист иштеп жаткан телеканалды окуяларды туура эмес чагылдырууга жана саткынчылыкка айыпташкан.

Окшош посттор

Принимаются заявки на получение стипендии в области социальных медиа

admin
12.10.2012

КРдеги парламентаризмдин өнүгүшү боюнча журналисттер үчүн конкурс

admin
12.05.2014

“Азаттык”:”Ош шамы” гезитинин кабарчыларына коркутуулар болуп жатат

admin
16.04.2013