Журналисты
Жаңылыктар

Ошто журналисттер үчүн үй куруу демилгеленди

Бүгүн, 6-ноябрда басма сөз каражаттарынын кесиптик майрамын белгилөө учурунда, журналисттер үчүн 40 батирлүү көп кабаттуу үй куруу демилгесин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов суроолорго жооп берип жатып белгиледи, деп маалымдайт “Ынтымак” радиосу.

Мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы маалымдагандай, муну үчүн шаар аймагынан жер тилкеси ажыратылып, кийинки жылга журналисттерге арналган үйдү куруу үчүн калаа казынасынан каражат бөлүү маселеси шаардык кеңешке сунушталат.

“Эгер депутаттар колдоп берсе, шаардык бюджеттен белгилүү бир сумма ажыратылат. Курулушка журналисттер да өздөрүнүн баштапкы каржысын салышат. Бул – аз үстөктүү узак мөөнөттүү ипотекалык насыя түрүндө төлөп кутулуу мүмкүндүгү”,-деди мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Гүлжан Ажиматова.

Булак: http://yntymak.kg/pages.php?page=news&num=06.11.12.11.48.44.gif

Окшош посттор

Фотоконкурс на тему “Потерянное и найденное” от Darkroom gallery

Administrator
25.01.2013

Принимаются работы на конкурс статей о науке

Administrator
18.03.2013

До окончания конкурса среди журналистов Кыргызстана «Защищая Родину» осталось меньше месяца

Administrator
07.10.2013