Журналисты
Жаңылыктар

HRW: Орусияда интернет эркиндиги чектелүүдө

“Хьюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюму Орусияда интернет эркиндиги чектелип жатканын билдирди. Уюм 18-июлда “Орусиядагы ой-пикир билдирүү эркиндигине чабуул” аталышындагы жаңы баяндамасын жарыялады.

Анда 2012-жылдан тарта Орусияда ондогон адамдар социалдык тармактардагы билдирүүлөрү, видео, макала жана маектери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылат. Өлкөдө жүздөгөн сайттар экстремизмге каршы күрөштүн алкагында жабылганы жүйө келтирилет.

Уюм репрессиялык мүнөздөгү мыйзамдар орус бийлигине маалыматты чектөө мүмкүнчүлүгүн берип, натыйжада адам укуктары бузулуп жатканын белгилеген.

“Хьюман Райтс Уотч” соңку баяндамасын адвокаттар жергиликтүү бейөкмөт уюмдар, журналисттер, укук коргоочулар жана блогер менен баарлашуулардын негизинде даярдаган. Укук коргоочулар баш-аягы 50 киши менен маектешкен.

Орус бийлиги эл аралык уюмдардын мындай сындарын четке кагып келет.

https://www.azattyk.org/a/28622807.html

Окшош посттор

КТРКнын берүүлөрү эфирге эми күнү-түнү чыга баштады

admin
06.09.2012

Интерньюс приглашает к сотрудничеству веб-дизайнера и веб-программиста для оптимизации веб-сайта ОТРК

admin
09.04.2014

“Азаттык” 5 млн сомдук доо арыз менен сотко кайрылган режиссер Ырыс Окенова менен соттошууга даяр

admin
21.11.2019