Журналисты
Жаңылыктар

Ош шаарында ММК өкүлдөрү үчүн медиа форум өткөрүлөт

“Эдвокаси адам укуктары боюнча борборунун” маалыматына ылайык, 5-июнда Ош шаарында массалык маалымат каражаттарынын ресурстук борборунун координациялык кеңешинин демилгеси менен медиа-форум өткөрүлөт.
Форумга журналисттер, жарандык сектордун активисттери, эл аралык уюмдардын жана мамлекттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу “Баракелде”маалымдады.
Форумду уюштуруунун негизги максаты – аймактагы тынчтыкты камсыздоо. Буга окшогон иш-чараларды тез-тез уюштуруп, ар кандай көйгөйлөр боюнча ачык талкууларды жүргүзүү.
Форумдун катышуучулары «Массалык маалымат каражаттары көйгөйлөрдү чагылдырууда коомдук коопсуздуктун сакталышын эске алышабы?», «Мамлекеттик органдар өз учурунда маалымат берип турууга көнүшү керек», «Журналисттик адеп», «Маалымат коопсуздугу», жана башка ушул сыяктуу маселелер боюнча талкуу жүргүзүлөт.
Алдын ала түзүлгөн программага ылайык, форумда жогоркуда аталган темалар боюнча журналисттер, медиа-эксперттер жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү баяндама жасашат.
Жолугушуунун аягында жалпы журналисттерге кайрылуу кабыл алынат.

Окшош посттор

6-7-октябрда журналисттерге кол салуунун жаңы учурлары болду

Administrator
07.10.2020

Москвада журналистке кол салды делген кыргызстандык жаран тууралуу маалымат такталууда

Administrator
28.09.2012

В Оше наградили местных журналистов

Administrator
09.07.2012