Журналисты
Жаңылыктар

Дүйнөдө интернет эркиндиги чектелүүдө

Freedom House уюму 2015-жылы дүйнөлүк желедеги эркиндик деңгээли кыйла төмөндөгөнүн маалымдады. Акыркы 15 жылдын ичинде быйыл интернет эркиндиги өзгөчө басаңдаган.

“Айрым мамлекеттер атуулдарынын интернеттеги өздүк маалыматтарын тыкыр текшерип, алардын желедеги эркин колдонуу укугун бузуп жатат”, – дейт иликтөөнүн жетекчиси Саня Келли.

2014-жылдан бери 65 өлкөнүн ичинен 14үнүн бийлиги өз атуулдарынын интернеттеги азаттыгын чектеген жаңы мыйзамдарды чыгарган.

“Азаттык” үналгысы жаңырган өлкөлөрдүн ичинен Армения менен Грузияда  интернет “эркин”, Азербайжан, Кыргызстан жана Украинада “жарым-жартылай эркин”, Беларус, Иран, Казакстан, Орусия, Пакистан жана Өзбекстанда “эркин эмес” деген баа берилди.

Азаттык

Окшош посттор

Бунт New York Times. Газетчики вспомнили о независимости

Administrator
11.10.2012

Ысык-Көл областындагы көз карандысыз кабарчылардын маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүүдө

Administrator
03.04.2020

Конкурс на получение гранта для создания фоторепортажа

Administrator
16.05.2013