Журналисты
Жаңылыктар

Бакыт Орунбеков: “Менин тагдырымдагы инсандар”

Бегилүү журналист Бакыт Орунбековдун “Менин тагдырымдагы инсандар” китеби жарык көрдү. Автор өзү белгилегендей, китепте кыргыздын советтик доорунда, демократиялык 30 жылдык эгемен жолунда эли үчүн, мамлекети үчүн эрдиктин, эмгектин, бекем саясий көз караштардын, илим-билимдин, маданияттын үлгүсүн көрсөткөн тарыхый улуу-кичүү инсандардын жана үй-бүлөсү менен байланышкан адамдардын (жалпы 24 каарман) бейнелери тартылат.

Автор ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин, кандай билсе, кандай туйса ошого жараша жеке баамын жазат. Алардын портреттери эл арасындагы, коомдогу ар түркүн пикирлер, көз караштар менен шөкөттөлөт.

Бакыт Орунбеков 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери”, саясий илимдеринин кандидаты. Публицисттикалык, илимий-педогогикалык 8 китептип автору. Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун эки жолку лауреаты. “Ош-3000” медалынын ээси.

Окшош посттор

Кыргызстанда сөз эркиндигинде каршы багытталган мыйзамдарды кабыл алууга мораторий киргизилет

Administrator
14.11.2020

«Ийгиликке кадам» III Медиафоруму Баткен шаарында болуп өттү

Administrator
12.09.2024

Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган кичи футбол турнири өткөрүлдү

Administrator
27.06.2012