Журналисты
Жаңылыктар

“Дем” сайтынын мыкты элдик кабарчылары аныкталды

“Дем” сайты 2014-жылдын сентябрынан 31-декабрга чейин бул сайтта жаңылыктары менен бөлүшкөн мыкты элдик кабарчыларга сынак жарыялаган болчу.

“Дем” сайтынын редактору, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жана даниялык International Media Support уюмунун өкүлдөрүнөн турган жюринин чечими боюнча, Мыкты элдик кабарчылар деп Оштон Зинагүл Нуралиева жана Жалал-Абаддан Элиза табылды.

Убадалангандай, жеңүүчүлөрдүн ар-бирине https://journalist.kg/ порталынын негизинде өздүк сайттары бекер ачылып, алардын каалоолору боюнча жасалгаланып берилет. Аларга сайтты иштетүү боюнча атайын тренинг уюштурулат, же жеңүүчүнүн катышуусу мүмкүн болбосо сайтта иштөө боюнча бардык маалыматтарды камтыган Колдонмо даярдалып берилет.

“Дем” сайты – бул жаңылыктарды топтогуч кызмат. Анда каалаган ЖМК же интернет басылма бекер катталып кыргыз, орус жана англис тилдеринде өз жаңылыктарын жайгаштыра алат. Учурда анда 60га жакын ЖМКлар жана интернет-басылмалар катталган. Ошондой эле ар-бир журналист эмес адам да өз жаңылыктары менен бөлүшө алат.

Сайт 2012-жылы «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жардамы менен жасалган. 2014-жылы даниялык IMS уюмунун колдоосунда сайттын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.

Окшош посттор

TMG телеканалы прокуратурага жана милицияга кайрылат

admin
10.02.2021

«Журналисттер» коомдук бирикмеси кесиптештерди 3-майда “Журналисттер аллеясында” көчөттөрдү отургузууга чакырат

admin
28.04.2016

Команда правительства КР проиграла команде журналистов в товарищеском матче по футболу

admin
18.06.2012