Журналисты
Жаңылыктар

Болот Темиров менен Болот Назаров үй камагына чыгарылды

Төкмө акын Болот Назаров 23-январдын түнү соттун чечими менен шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайынан үй камагына чыгарылды.

Буга чейин аны Бишкек шаардык милициясынын имаратынан ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда сотко алып кетишкен.

Абдиев журналисттерге сотто анын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, андан кийин үй камагына чыгарыла турганын билдирген.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, аларга каршы кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүүдө.

Болот Темиров 23-январь күнү күндүз эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган.

Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган.

Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Айыптар жана беренелер боюнча мындан башка расмий маалымат азырынча жок.

Төкмө акын Болот Назаров «Ютуб» каналына бир нече ай мурда «Эки дос», «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармаларын жарыялаган. Аларда өлкө жетекчилеринин сүрөт, видеолору көрсөтүлгөн.

24.kg

Окшош посттор

Журналисттерге коркутуулар түшүп жатат

admin
08.10.2020

Жаңы ыкма жана платформалар аркылуу социалдык мааниге ээ темалардагы медиа демилгелерди колдоо

admin
07.02.2020

Ош шаардык мэриясы маалымат бербегени үчүн журналист прокуратурага эки арыз таштады

admin
28.11.2019