Журналисты
Жаңылыктар

Баткендик журналисттерге чогултулган жардам тапшырылды

Урматтуу, медиа уюмдар, журналисттер жана Баткендеги кырдаалга кайдыгер карабаган жарандар!

«Журналисттер» коомдук бирикмеси Баткендеги окуя башталганда баткендик кесиптештерге жардам чогултуу иретинде ЭЛСОМдон эсеп ачкан. Бүгүнкү күнгө чейин бул эсепке жалпысынан 26300 сом келип түштү. Ошондой эле уюмдун офисине келип акча берип кеткендер болду.

Акча которгондордун тизмеги:

  1. Мурат Жумакадыров – 500 сом
  2. Эльнура Төлөнбай кызы – 500 сом
  3. Турганбек Жунушалиев – 1000 сом
  4. Замир Асаналиев – 300 сом
  5. Хаким Юсупов – 1000 сом
  6. Нургул Шаршембиева – 1200 сом
  7. Койкол Айтпаева – 500 сом
  8. Турдубек Ишебаевич – 500 сом
  9. Гүлжамал Асанкадырова – 500 сом
  10. Урмиль Урманаев – 1000 сом
  11. Алтынай Рысбай Кызы – 1000 сом
  12. Айсулуу Бакыт Кызы – 500 сом
  13. Азамат Айтбаев 500 сом
  14. Гүлзат Газиева – 300 сом
  15. “Регион ТВ” – 3000 сом
  16. Ысымын атагысы келбеген жаран – 3000 сом
  17. Ысымын атагысы келбеген жаран – 195 сом
  18. Ысымын атагысы келбеген жаран – 980 сом
  19. Марс Тулегенов – 1000 сом
  20. Марат Токоев – 1000 сом
  21. Айсулуу Жумалиева – 1000 сом
  22. Рахат Саламатова – 500 сом
  23. Азамат Касыбеков – 200 сом
  24. Бактыяр Бердибек – 600 сом
  25. “Журналисттер” КБ – 5000 сом
  26. “Т Медиа групп” ТВ – 10000 сом

Ошондо чогултулган каражаттын жалпы суммасы 35 775 сомду түздү.

Кайдыгер калбай жардам көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Чогултулган акча–каражаттарга Баткендеги журналисттер үчүн 10 даанадан коргонуучу баш кийим, кол кап, чыканак менен тизени коргогон кап жана смартфонду колдонууда керек болгон 6 бекиткичи менен трипод сатып алынды.

20-майда аталган каражаттар жана да 10 миң сом баткендик журналисттерге тапшырылды.

Окшош посттор

Документалдуу фото, видео жана анимация боюнча Жайкы Мектепке катышуу үчүн сынак

admin
03.07.2012

Приглашение к подачи заявок на участие в тренинге «Журналистское расследование»

admin
12.04.2013

Объявляется конкурс на участие в “Центральноазиатской школе современной журналистики”

admin
15.02.2013