Журналисты
Жаңылыктар

27-ноябрда Кыргызстандагы диндер жана диний агымдар тууралуу лекция өткөрүлөт

“Устат-шакирт” окутуу, таалим-тарбия берүү системасынын алкагында жаш журналисттердин жалпы билим деңгээлин жогорулатуу боюнча уюштурула турган лекциялардын темасын аныктоо боюнча фейсбук социалдык тармагында жеке кат аркылуу сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Көпчүлүк суранычтар менен биринчилерден болуп учурдагы маалыматтык себептерге жана коомдо талкууланып жаткан тренддерге байланыштуу бул темаларды алдык:

  1. Кыргызстандагы диндер жана диний агымдар. Демократиянын мусулман өлкөлөрдөгү келечеги.
  2. Бажы союзу жана Кыргызстан ага киргенден кийин пайда болушу мүмкүн саясий-экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана маселелер
  3. Бейөкмөт уюмдар: зыянбы же пайдалуубу?

Бул аптада алгачкы лекция “Кыргызстандагы диндер жана диний агымдар. Демократиянын мусулман өлкөлөрдөгү келечеги” аталышында болот.

Лектор: Орозбек Молдалиев – КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору

Дата: 27-ноябрь 2014-жыл, бейшемби

Убактысы: 16:00-18:00

Өткөрүлө турган жери: “Кабар” маалымат агенттиги 2-кабат, пресс-конференция залы. Абдрахманов көчөсү 175

Лекцияга катышууну каалагандар бул шилтемеге кирип фейсбук тармагындагы Жаш журналист аккаунтуна  кат аркылуу жазылыңыздар. Лекциянын соңунда катышуучулар үчүн кофе-брейк каралган. Лектордон кенен маалымат алууга чоң мүмкүнчүлүк болот.

“Жаш журналист”

Окшош посттор

Шайлоо – 2021: «Ош ТВ» телеканалынын журналистине кол салууну милиция тергей баштады

admin
30.11.2021

6-7-октябрда журналисттерге кол салуунун жаңы учурлары болду

admin
07.10.2020

В Кыргызстане создан Профсоюз работников СМИ

admin
03.10.2012