Журналисты
Жаңылыктар

«Журналисттер»: Басма сөз эркиндигине кол салуу болду

«Журналисттер» коомдук бирикмеси «Азатыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салууну айыптап, тынчсыздануусун билдирди. Бирикменин төрагасы Марс Төлөгөнов бул көрүнүштү басма сөз эркиндигине кол салуу катары сыпаттап, журналисттик иликтөөлөргө бут тосуу болуп жатканын айтты:

– Бул окуяны «Журналисттер» коомдук бирикмеси «Медиа полиси» уюму менен бирге жүргүзүп келген Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге карата укук бузуу боюнча мониторингге каттоого алдык. Оштогу өкүлүбүз Гүлзат Газиева маалыматтарды чогултууда. Топтоп бүткөндө, аны сайтыбызга жарыялайбыз.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан.

«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ошол күнү кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Милиция журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазганын билдирди. «Азаттык» Райымбек Матраимовдун бул окуяга тиешеси бар же жогун өзүнөн азырынча тактай алган жок.

“Азаттык”, 30.09.2019

Окшош посттор

Баткен: Чек ара окуяларын чагылдырууда тоскоолдуктар көбөйүүдө

admin
28.12.2020

Ош шаарында адистер жана журналисттер үчүн медиа сабаттуулук жана иликтөөчү журналистиканын аспаптары боюнча тренинг өттү

admin
21.11.2023

2020-жылы өткөрүлгөн «Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

admin
05.06.2020