Журналисты
Жаңылыктар

Журналист жана акын, жазуучу Жыпар Акунова 63 жашында каза болду

Кесиптешибиз Жыпар Акунова 1959-жылы Нарын облусунун 8-март айылында жарык дүйнөгө келген. Журналистика тармагындагы алгачкы эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы болуп баштап, бир катар облустук жана республикалык басылмаларда дагы эмгектенген. Аны менен катар “Мектеп” басмасынын көркөм редакциясында кенже редактор, Ош облусунун губернаторунун жана Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы дагы болуп иштеген.

2006-2017-жылдары кесиптешибиз Жыпар Акунова “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Ош облусундагы өкүлү катары иш алып барып, медиа тармагындагы бир нече эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга зор салым кошкон.

Жыпар Акунова КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир канча ыр жыйнактардын автору.

Маркумду узатуу зыйнаты бүгүн, 10-январда Ош шаарында өтөт.

“Журналисттер” КБнын жалпы жамааты жана бирикменин Башкармалыгынын мүчөлөрү Жыпар Акунованын үй бүлө мүчөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Окшош посттор

Медиакоомчулук ЖМКга тийиштүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү азыр эрте деген пикирде

Administrator
30.09.2021

Журналисттер эмнеден абайлашы керек? Юридикалык, физикалык жана кибер коопсуздук (карточка)

Administrator
12.03.2022

Журналист Канат Каниметов алгачкы тергөөчүнүн аракетине арызданды

Administrator
21.05.2021