Журналисты
Жаңылыктар

Ысык-Көлдө спорттук журналисттердин таймашы башталды

Чолпон-Ата шаарында 1-июлда жыл сайын өтүүчү спорттук журналисттердин арасындагы III таймаш старт алды.

Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей катышуучулар « Дан Дан фортунасы”, «Барс», «Форвард» жана «Замбирек» деген аталыштагы 4 топко бөлүнгөн.

Таймашка 30га чукул телеканал, маалымат агенттиги, радио жана басма сөз кызматкерлери катышууда.

Биринчи күнү катышуучулар сууда сүзүү, аркан тартыш, футбол боюнча таймашышты.

Мындан тышкары Чолпон-Атадагы спорттук комплексте иш чаранын расмий ачылышы болду.

Журналисттер спорттун 4 түрү боюнча таймашышты. Сууда сүзүү, чакан футбол, армрестлинг жана аркан тартыш.

Таймаштын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр медаль, диплом менен сыйланып жана мыкты командалар аныкталат.

Эскерте кетсек, спорттук журналисттердин арасындагы таймашты Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштурган.

Булак: http://kabar.kg/kyr/news/ysyk-k-ld-sporttuk-zhurnalistterdin-taimashy-bashtaldy/

Окшош посттор

«Азаттык Медиа» мекемесинин билдирүүсү

Administrator
30.09.2019

Аппарат Президента КР объявляет конкурс среди журналистов на лучшее освещение тем, посвященных Году семьи, мира, согласия и взаимного прощения

Administrator
23.10.2012

Предлагаются гранты для фотожурналистов

Administrator
11.01.2013