Журналисты
Жаңылыктар

Мелис Эшимканов атындагы фонд түптөлүп, сайт ачылды

Коомдук ишмер, журналист  Мелис Эшимканов атындагы фонд жана анын ысымындагы Кыргызстан журналисттер Интернет-сайты (www.eshimkanov.kg) ачылды. Ачылуу иш-чарасына маркумдун жакындары, коомдук ишмерлер, саясатчылар жана журналисттер катышты.

Мелис ЭШИМКАНОВдун ысымын түбөлүктөштүрүү, Кыргызстан журналисттерин колдоо жана сөз эркиндигин өркүндөтүү максатын көздөйт. Фонд таланттуу журналисттерди колдоо, сөз эркиндигине байланыштуу иш-чаралаларды мезгил-мезгили менен уюштуруу, басма сөз мыйзамдык базасын толуктоо, кесиптештердин пикир жана тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп берүүнү көздөйт.

Мелис Эшимкановдун ысымын алган сайт – журналисттер үчүн баарлашуу, пикир алышуу жана өз макалаларын жайгаштыруу мейкиндиги. Сайтка бардык журналисттер: гезит менен интернет басылмаларында, электрондук ММКларда иштеген журналисттер өздөрүнүн макалаларын, репортаждарын жайгаштыра алат.

Фонд журналисттер үчүн Мелис Эшимканов атындагы сыйлыкты уюштурду.

Окшош посттор

ЖМКларга карата болгон DDoS чабуулду Кыргызстандын медиа коомчулугу сынга алды

Administrator
19.12.2019

Кандай адам журналист болот?

Administrator
21.02.2013

“Ачык саясат плюс” гезитинин үч соттук териштирүүсү

Administrator
19.07.2019