Журналисты
Жаңылыктар

“Kloop” интернет басылмасынын сайтына карата болгон DoS-чабуулу дагы деле уланууда

“Kloop.kg” маалымат басылмасынын башкы редактору Элдияр Арыкбаевдин, “Журналисттер” КБге билдиргенине караганда, сайтка карата болгон DoS чабуулу дагы деле уланууда. “Азырынча ошол чабуул дагы жүрүп жатканын гана кабарлай алабыз. Биз, өз кезегинде, абалды жөнгө салып, келтирилген чыгымды жоюунун үстүндөбүз”, – деп билдирди.

Эскертүүчү жагдай, чабуул Гринвич убактысы менен түнкү саат үчтөрдө болгон. “Аны биздин сайтты хостингин камсыздаган Qirium компаниясы, чабуул башталгандан кийин 12 мүнөт өткөн соң байкаган”, – деп жазып чыккан басылманын кабарчылары.

Хакердик чабуул болоордон эки күн мурда “Kloop.kg” сайты “Ата-Тюрк” эс алуу багындагы мыйзамсыз берилген жер тилкелери тууралуу ири журналисттик иликтөөнү жарыялаган.

Элдияр Арыкбаев “Журналисттер” КБнын суроолоруна жооп берип жатып, Dos-чабуул иликтөөлөргө канчалык деңгээлде байланыштуу экенин азырынча айта албастыгын билдирген.

«Эки факт бар. Биринчиси. “Ата Тюрк” эс алуу багынын айланасындагы олуттуу маселенин тегерегиндеги текшерилген, такталган жана факты менен камтылган иликтөөнү коомчулукка тартууладык. Экинчиси. Ушул нерседен кийин биздин сайтка DoS чабуулу боло баштады. Ушул эки фактынын бир-бири менен кандай байланыш бар – бул суроого азырынча так жооп берүү мүмкүн эмес”, – деп белгиледи башкы редактор.

DoS (аббр. англ. Denial of Service «тейлөөгө мүмкүн эмес») — эсептөөчү тутум иштей албай калганга чейин жеткирүү амалындагы хакердик чабуул, б.а. катардагы колдонуучулар тутумдун кызматтарына жете албай калгандай, же ага жетүү оор болгондой абалга жеткирүү. (Википедия)

Азамат Касыбеков, “Журналисттер” КБнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор

На юге Кыргызстана обучат журналистов

admin
05.07.2012

Экс-президенттин Кой-Таш айылындагы үйүндө журналистке кол салып, аны резиденциянын аймагынан чыгарып коюшту

admin
27.06.2019

Подкаст: Медиа сабаттуулукка киришүү

admin
30.03.2021