Журналисты
Жаңылыктар

Сайтыбыздын китепканасына «Дүйнөлүк журналистиканын тарыхы» кошулду

Журналистикага кызыккандар сайтыбыздан эми 2019-жылы жарык көргөн «Дүйнөлүк журналистиканын тарыхы» китеби менен PDF форматында тааныша алышат.

Китепте дүйнөлүк журналистиканын пайда болуу мезгилинен тарта, азыркы күнгө чейинки тарыхы, анын абалы чагылдырылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын типологиялык өнүгүү процесси, улуттук өзгөчөлүгү, мамлекеттердин жана калктардын социалдык жана маданий өз ара карым-катнашындагы жалпы тенденциялар хронологиялык тартипте берилди. Китеп жогорку окуу жайлардагы «Журналистика», «Коом менен байланыш жана реклама» жана «Телерадио» адистиктеринде окуп жаткан студенттерге окуу куралы катары кызмат кылат. Басылма ошондой эле дүйнөлүк маданияттын маселелерине кызыккандарга да багытталган.

Басылма орусиялык авторлор А. Г. Беспалова, Е. А. Корнилов, А. П. Короченский, Ю. В. Лучинский, А. И. Станьконун «Всемирная история журналистики» китебинен которулган. Китепти которгондор – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары Бакыт Дыйканов, Бакыт Орунбеков жана Гүлзада Станалиева.

Г.Станалиева, Б.Орунбеков жана Б.Дыйканов

Китеп 2019-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен 300 нускада басып чыгарылып, сегиз окуу жайынын журналистика бөлүмдөрүнө таркатылган.

Китеп менен бөлүшкөн котормочуларга терең ыраазычылык билдиребиз.

Сайтыбыздын Китепканасынан журналистикага тиешелүү кыргыз тилинде жарык көргөн 20га жакын окуу китептерди жүктөп алаласыздар.

Окшош посттор

Открыт конкурс для фотографов на тему охраны водных ресурсов

Administrator
11.07.2012

Принимаются работы на конкурс для журналистов, пишущих об искусстве

Administrator
07.08.2012

Нукура кыргыз журналистикасы мектебине кабыл алуу башталды

Administrator
27.02.2019