Журналисты
Жаңылыктар

ЕККУ Жалал-Абаддагы маалымат борборуна жабдууларды тапшырды

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборуна мурда ушул уюмдун Жалал-Абад кеңсесинде пайдаланылып келген бир катар жабдууларын белек катары тапшырды.

ЕККУнун программалык жетекчиси Уильям Лиф мырза ЕККУнун мурда Жалал-Абаддагы кеңсесинде пайдаланылып келген бир катар эмеректерди жана техникалык-уюштуруу жабдууларын Маалымат борборуна белек катары берип, калкка маалымат таркатуу дана бийликтер менен коомчулуктун ортосундагы жандуу диалогду түзүү аракеттеринде борборго ийгиликтерди каалады. Белек катары стол-стулдар, китептер үчүн шкаф, ноутбук жана башка да жабдуулар Маалымат борборунун ишин жакшыртуу үчүн реалдуу колдоо болуп каларын белгиледи.

Маалымат борборунун директору Жалил Сапаров мындай жакшы колдоо үчүн ЕККУнун өкүлдөрүнө ыраазылык билдирип, коомдун жакшырышы үчүн маалымат тарктуу ишин күчөтүүдө мындай көмөк көрсөтүүлөр абдан маанилүү экенин айтты.

http://maralfm.kg/archives/236439

Окшош посттор

Международный конкурс «Серебряное перо – 2013»

admin
02.09.2013

Көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча тренингке ЖМКлар арасында сынак жарыяланат

admin
07.05.2014

Медиа коомчулук Садыр Жапаровду журналисттердин ролун ачык таанууга чакырды

admin
10.11.2020