Журналисты
Жаңылыктар

КТРКнын жетекчилиги журналисттерин сабаган адамды жоопко тартууну талап кылат

7-январда “Ата-Түрк” паркындагы электр энергиясына акча төлөбөй жаткан хан сарайлар тууралуу сюжет даярдап жаткан Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кабарчылары сабалды, деп айтылат КТРКнын билдирүүсүндө.

Бул фактка байланыштуу Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилиги Ички иштер министрлигинен, прокуратурадан, сот органдарынан жана башка күч түзүмдөрүнөн кабарчылар Ширин Асанакунова жана Бурулай Пусурманкулованы сабаган адамды тез арада таап, жоопко тартууну суранат. “Журналисттик милдетин аткарып, казынага зыян келтирип жаткан адамдардын чыныгы жүзүн ачууга жасалган кадам мамлекеттик органдар жана активдүү жарандар тарабынан колдоого алынууга тийиш деп эсептейбиз”, – деп айтылат билдирүүдө.

2013-жылдын 7-январында КТРКнын кабарчылары Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулова “Түндүкэлектро” ишканасынын кызматкерлери менен электр энергиясын колдонуу режимин текшерүү боюнча “Ата-Түрк” паркы жанында жайгашкан районго рейдге чыгышкан. Сюжет даярдоо учурунда “Ата-Түрк” паркындагы А.Малдыбаев көчөсүндөгү №16 үйдүн жанында турган адам журналисттерге кол көтөрүп, микрофонду экиге бөлүп, сындырып салган. Видеокамераны болсо оператор алып качып, сактап калган. Ал адам алгач кабарчы Бурулай Пусурманкулованы бир чапкан, журналист эсин жоготуп койгон. Андан кийин ал кабарчы Ширин Асанакунованы сабаган. Журналист медициналык-экспертизадан өтүп, «тез жардам» машинасы менен ооруканага жаткырылды. Сабаган адам окуя болгондон кийин кара түстөгү В 3747 АЕ номерлүү “БМВ” автомашинасына отуруп кетип калган, деп айтылат КТРК тараткан маалыматта.

Бул окуя тууралуу видеосюжетти бул жерден көро аласыздар http://ktrk.kg/kyr/index.php?newsid=12990

Окшош посттор

Журналисттин арызы боюнча иш кыскартылды. Журналисттер өздөрү иликтөө даярдоодо

admin
23.12.2020

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору кызматына ачык сынак

admin
10.02.2015

Эгерде жакындарыңыз интернет тармакта жалган маалымат жайылтып жатса эмне кылыш керек?

admin
29.01.2021