Журналисты
Жаңылыктар

«Марал» радиосу сүрөтчүлөр менен фотографтарга акция өткөрөт

Акция 2-сентябрда өткөрүлөт жана “Ошондо” деп аталат.

Иш-чаранын максаты Кыргызстандын жаратылышын, табиятын сүрөтчүлөрдүн жана фотографтардын чыгармачылыгы аркылуу даңазалап чагылдыруу. Ошону менен бирге мекенибиздин таланттуу өнөрпоздорго көңүл буруп, эмгегин баалоо болуп саналат.

Акция конкурс түрүндө өтөт. Конкурста сүрөтчүлөр менен фотографтар атайын белгиленип берилген жерди тартып берет.

Катышуучулардын эмгегин баалоо үчүн атайын түзүлгөн калыстар тобу карап чыгып жыйынтык чыгарышат. Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга акчалай сыйлык жана белектер ыйгарылат.

“Марал ФМ”

Окшош посттор

Мүлктүк укукту бузгандыгы үчүн Life телеканалын сотко бергени жатышат

Administrator
02.08.2019

Школа онлайн — журналистики: начался приём студентов в ОШЕ!

Administrator
25.07.2012

“Медиа-Консалт”: “ЖМКлардын көбү кесиптик этикалык стандарттарды бузуп жатат”

Administrator
08.11.2012