Журналисты
Жаңылыктар

“Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен” республикалык сынагына 68 эмгек келип түштү (оңдолду)

Республикалык “СӨЗ ЭРКИНДИГИ КАРИКАТУРИСТТИН КӨЗҮ МЕНЕН” сынагына келип түшкөн акыркы эмгектер “Карикатура” сайтына жайгаштырылды.

Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек келип түштү.

Жакында эмгектер жюринин кароосуна берилет. Жюринин курамы Кыргызстандагы медиа уюмдардын жетекчилеринен жана айрым кесипкөй сүрөтчүлөрдөн турат.

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы Басма сөз эркиндигинин күнү 3-майда Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары ошол салтанатта аталып, аларга сыйлыктар тапшырылат.

Эскерте кетсек, бул сынак “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен уюштурулду. Сынактын өнөктөшү Бишкек гуманитардык университети.

Окшош посттор

“Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен” көргөзмөсү ачылды

Administrator
03.05.2019

Белгилүү кыргыз журналисти жардамга муктаж

Administrator
04.12.2013

Көп эл катышкан нааразычылык акцияларын чагылдыруу учурундагы коопсуздук боюнча кеңештер

Administrator
06.10.2020