Журналисты
Жаңылыктар

Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциация (IFEX) Кыргызстандын Өкмөтүн Kloop Mediaны куугунтуктоону токтотууга жана эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырды

IFEXтин Кайрылуусунда Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клооп медианы» жоюу боюнча доо арызы ачыктан-ачык цензура аракети болуп саналаары, бул КР Конституциясына гана карама-каршы келбестен, Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин да буза турганы белгиленген.

Кайрылууда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жана «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору сөз эркиндигинин, маалыматка жетүүнүн, эркиндиктин абалынын начарлашына өбөлгө түзөрү белгиленген.

119 уюмду камтыган IFEX эл аралык ассоциациясы Кыргыз Өкмөтүн төмөндөгүлөргө чакырды:

– «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө доо арызын чакыртып алсын;

– журналисттерге жана көз карандысыз маалымат каражаттарына кылмыш куугунтуктоосун токтотуу;

– сөз жана маалымат эркиндигин камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу менен Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү катары Кыргызстандын адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча милдеттерин ырастасын.

Окшош посттор

Кыргызстандын журналисттери коррупцияга каршы

Administrator
13.05.2019

“Апрель” телеканалынын кызматкери Канат Каниметовго милиция кызматкерлери кол көтөрүштү

Administrator
08.03.2020

24-майда “Ачык саясат плюс” гезитине каршы доо арыз боюнча кезектеги соттук жыйын болот

Administrator
21.05.2019