Журналисты
Жаңылыктар

«ММКлар аймактарды өнүктүрүү жөнүндө» сынагы

«Сорос-Кыргызстан» Фонду (СКФ) «Массалык маалымат каражаттарын колдоо» программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү жана алардын  өнүгүүсүнө кошкон салымы жөнүндө басылмаларда темалык беттерди басып чыгаруу, телекөрсөтүүлөрдү жана радиоберүүлөрдү даярдоо боюнча Кыргыз Республикасындагы ММК арасында атаандаштык сынак  жарыялайт.

Сынакка катышуу үчүн, жарыялана турган материалдардын (телекөрсөтүүлөрдүн жана радиоберүүлөрдүн алдын ала сценарийлери, басылмалардагы темалык беттердин концепциялары) моделинин жана форматынын баяндамасы камтылган, аймактарды өнүктүрүү темалары боюнча тең салмакталган материалдарды жарыялоонун мурдагы тажрыйбасын колдонуу менен, аталган темаларды туруктуу чагылдыруунун жол-жоболору көрсөтүлгөн өтүнүч билдирмеси сунуш кылынууга тийиш.

Долбоорлордо чек ара көйгөйлөрү, маданияттын, билим берүүнүн өнүгүүсү, аймактардагы инфраструктураны жакшыртуу, этникалык ар түрдүүлүктү жана тынчтыкты колдоо, экология маселелери чагылдыруусу колдоого көрсөтүлөт.

Долбоордук сунуштар СКФ бекиткен операциялык өтүнүч билдирмесинин үлгүсүнө ылайык түзүлүүгө жана «Массалык маалымат каражаттарын колдоо» программасы үчүн» деген эскертүүсү менен басылма жана электрондук түрдө 2013-жылдын 15-февралынын 17.00-саатына чейин көрсөтүлүүгө тийиш. Өтүнүч билдирменин үлгүсүн бул жерден көчүрүп алсаңыз болот.

Талапкерлерди тандоонун жүрүшүндө өлкөнүн чөлкөмдөрүндөгү ММК, жамааттык радиого, ошондой эле эки жана андан көп тилдерде маалымат тараткан массалык маалымат каражаттарына артыкчылык берилет.

Сынак аркылуу тандалып алынган жеңүүчүлөр  менен аймактарды өнүктүрүү темаларына арналган атайын медиа материалдарды даярдоо боюнча келишим түзүлөт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:

Толтурулган өтүнүч билдирмени жана аны коштогон документтерди билдирүүчү уюм:

 

Өтүнүч билдирмеде көрсөтүлгөн каржылоо $ 10 000 (он миң) АКШ доллар көлөмүндө чектелет.

Документтердин толук эмес жыйнагы, ошондой эле жогорууда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн өтүнүч билдирмелер каттоого кабыл алынбайт жана каралбайт.

Кабыл алынган өтүнүч билдирмелер боюнча ой-пикирлер айтылбайт жана алар кайтарылып берилбейт.

Байланыштагы кызматкер: «Массалык маалымдоо каражаттарын колдоо» программасынын директору Элина Каракулова, электрондук почта дареги:ekarakulova@soros.kg

Окшош посттор

Тренинг «Искусство интервью»

admin
22.03.2013

Посольство Кыргызстана в Таджикистане предпринимает все необходимые меры по возвращению кыргызстанских журналистов на родину

admin
26.07.2012

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору биринчи окуудан талкуусуз өттү

admin
25.10.2023