Журналисты
Жаңылыктар

Кыргызстандын Data мектеби LAMPA Accelerator программасын баштады

Бул долбоор Прагалык жарандык борбор менен биргеликте жүргүзүлүп, дата журналистика боюнча LAMPA-2020 онлайн-конференциянын уландысы болуп саналат.

LAMPA Accelerator – бул трансчегаралык дата-окуяларды жаратууну каалаган командаларга каржылык жана устаттык (менторлук) колдоо көрсөтүү.

Журналисттер, дата-талдоочулар, датага кызыккандар бир командага чогула алышат.

Негизги шарттар:

Ким өтүнмөнү бере алат?

Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Украинанын, Молдованын, Грузиянын, Азербайжандын, Армениянын жана Түркмөнстандын жарандары же резиденттери.

Эмне кылуу керек?

Команданы түзүү керек. Бул иштеп жаткан редакция болушу мүмкүн, же жаңыдан куралган команда. Командада дата (маалыматтар) менен мурда иштеген жок дегенде бир адам болушу зарыл. Командадагы адамдардын санына чек жок.

Идеяны аныктап, анын маанилүүлүгүн, маалыматтар менен кантип иштей турганыңарды жазып чечмелеп беришиңер керек. Эң негизгиси – силер сунуштаган тема жогоруда аталган мамлекеттердин жок дегенде экөөсүнө актуалдуу болушу зарыл.

Силер даярдаган материал ЖМКда жарыялана тургандыгын тастыктаган кагазды редакциядан алгыла.

Силер иштей турган дата-сеттерди таап, даярдап койгула.

Материалды жаратуу үчүн кете турган чыгымдарды чечмелеп жазып, ал чыгымдар киргизилген Excel документти өтүнмөгө бекитип койгула.

20-октябрга чейин көз карандысыз жюри беш мыкты долбоорду аныктайт.

Жеңүүчүлөр материалды даярдаш үчүн 1000 еврого чейин грант алышат, ошондой эле аларга тажрыйбалуу кураторлор бекитилет.

1-октябрь – өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы күнү.

Бул дарек боюнча өтүнмөнү берип, кененирээк маалымат алса болот: lampa-accelerator.tilda.ws

КРдеги Интерньюс LAMPA Accelerator программасынын маалыматтык өнөгү болуп эесептелет.

Окшош посттор

«Табият таалими» объявляет конкурс среди журналистов Кыргызстана на участие в семинаре «Природа и культура в СМИ»

admin
20.06.2012

Фотоконкурс “Океан в фокусе”

admin
29.10.2012

На юге Кыргызстана обучат журналистов

admin
05.07.2012