Журналисты
Жаңылыктар

Кыргыз тилиндеги онлайн-курстар жайгаштырылган биринчи интерактивдүү сайт иштеп чыгарылды

«МедиаКыздар Академиясы» долбоорунун алкагында «Борбордук Азиядагы IDEA» (IDEA CA) коомдук фонду кыргыз тилиндеги төрт онлайн-курс жарыяланган «Курсив» окутуу платформасын (https://coursive.id/kg/) түзүп чыкты:

Мындай мультимедиа чөйрөсүндө окутуу оңой жана көңүлдүү өтүлөт. Аймактарда интернеттин ылдамдыгы жай болгондуктан, бул сайт бардык жабдыктарда тез жүктөлөт. Ыңгайлуулук үчүн видео тасмаларды жарык же караңгы фондо көрүүгө болот.

Курстардын автору – оор маселени жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бере алган, кесипкөй адистер Айгерим Акылбекова, Сайкал Жумалиева жана Бегайым Аджикеева.

«Биздин сайтта бардык каалоочулар өзүнүн автордук курстарын IDEA CA методологиясы боюнча түзүп чыгара алат. Жаштар өзүнө пайдалуу билим алып, жаңы нерсени окуп үйрөнүүсү кызыктуу болушун каалайбыз», – дейт «МедиаКыздар Академиясы» долбоорунун координатору Айзат Русланова.

Онлайн-курстары бар сайттын презентациясы 15-сентябрь күнү саат 19:00до ZOOMда бул шилтеме боюнча өтөт.

Долбоор жөнүндө:

«Медиакыздар Академиясы» долбоору – ООН Демократиялык фондунун (UNDEF) жардамы менен уюштурулган IDEA CAнын эки жылдык демилгеси. Долбоор кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аядардын көйгөйлөрүн кыргыз тилинде медиа тармагы аркылуу айтуу.

Кошумча маалымат алуу даректери:

IDEA CA: тел.: +996 312 32 54 02, +996 703 058 058, aruslanova@idebate.org

Окшош посттор

Ырыспек Өмүрзаков «Трибуна» гезитинин редакциясына гранаталар атайын ыргытылган дейт

admin
18.03.2013

Кыргызстан: До 10 сентября принимаются заявки на участие в осеннем курсе экологической журналистики

admin
05.09.2012

Окуу зарыл, тилектештик ар кыл

admin
28.01.2021