Журналисты
Жаңылыктар

Нарында журналисттин доосу областтык сотто үчүнчү жолу жылдырылды

2020-жылдын 26-мартында Нарын областтык соттун курамынын ачык соттук олтуруму болуп, анда доогер – Нарын областтык мамлекеттик телерадио компаниясынын мурунку башкы редактору Нурзат Эсенканованын апелляциялык даттануусу каралды.

Cоттук олтурумга “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Нарын областындагы өкүлү катыштырылган жок. Жагдайды төрагалык кылуучу судья А.Койломбаев: “Инструкция келген. Тараптардан башка жарандар катыштырылбайт”, – деп түшүндүрдү.

Бул жолу дагы соттук олтурум 8-апрелге жылдырылгандыгын доогердин жактоочусу Ыдырыс Асанов билдирди.

“Мында дагы Нарын областтык медиа борборунан жетекчилик жана экотехинспекциядан тиешелүү адис сотко келишкен жок. Ошондуктан биз алардын катышуусунун зарылдыгын белгиледик. Натыйжада соттук кароо дагы жылдырылды”, – деди Ы.Асанов.

Нурзат Эсенканова 2018-жылдын 17-январында “сыноо мөөнөтүнө байланыштуу” деп кызматтан бошотулган. Ал эки жылдан бери укугун коргоп сотко даттанып келет. Андан бери жалпысы ушуну менен тогузунчу жолу соттук олтурумдар болуп өттү.

Сүрөт koom.kg сайтынан алынды.

Күмөндөр Усуптегин,
«Журналисттер» КБнын Нарын областындагы
өкүлү

Окшош посттор

НТС: “Ата-Мекенчилердин” кылган кылыктары биз үчүн чон табышмак

Administrator
28.09.2012

Отчего осерчал Замир Клычбекович?

Administrator
17.09.2012

Журналисттин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жасалды

Administrator
23.09.2021