Журналисты
Жаңылыктар

«Ынтымак» телерадиокомпаниясынын башкы директорлугуна Данияр Садиев тандалды

Бул тууралуу байкоочу кеңешинин төрагасы Таир Турсуналиев билдирди. Анын айтымында, кеңештин бардык мүчөлөрү Данияр Садиевдин талапкерлигин колдошту.  Байкоочу кеңеш тандалган талапкерди өкмөткө сунуштап, анан бекитилет.

“27-июлда жашыруун добуш менен Д.Садиев тандалды. Сунушталган талапкердин өкмөт бекитиши керек. Жыйынтыгы бүгүн билинип калышы керек”,-деди Байкоочу кеңештин төрагасы.

Белгилей кетсек, «Ынтымактын» башкы директорлугуна беш адам талапкерлигин көрсөтүп, алардын төртөө сынакка катышкан. Ал эми буга чейин телерадионун башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп, Каарманбек Кулуев иштеген.

Маалымат үчүн: Мындан үч айдан ашуун убакыт мурда Кыргызстандын Ош шаарында түптөлгөн. «Ынтымак» коомдук радиосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Internews Networkтун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюшулган. Учурда улуттарды консолидацияга, достукка, бирин-бири сыйлоого чакыруу максатында иш алып барууда. Максаты – Улуттар аралык мамилени чыңдоо жана Кыргызстандын руханий-маданиятын жайылтуу.

Окшош посттор

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту “Апрель” телеканалына эфирге чыгууга тыюу салды

Administrator
27.11.2019

КТРК Байкоочу кеңешинин курамы бекиди

Administrator
18.04.2012

National Geographic объявляет фотоконкурс

Administrator
13.11.2012