Кыргыз Рспубликасынын Президентинин жарлыгы менен өлкөнүн айрым шаарлары, райондорунда өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды. Ордо калаанын комендантынын билдирүүсүндө, илдетке чалдыккандардын саны күндөн күнгө өскөндүктөн, өтө коопту абалды басып өтө элекпиз.
Бирок комендатура журналисттерге өткөрмө кагаздарын бере баштайт жана ал кагаз атайын шаар ичиндеги тосмолордон өтүүгө шарт түзөт. Өткөрмө кагазы таңкы саат 06.00дөн кечки 21.00гө чейин гана жарактуу, ал эми коменданттык саат маалында өткөрмө кагаз өз күчүн жоготот.
Буга чейин ИИМдин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоого шашылган эмес.
Өзгөчө абал киргизилгенден кийин медиа коомчулук бийликке ушундай жагдайда ЖМК өкүлдөрүнө аккредитация берүү керектигин белгилеп билдирүү таратышкан. Ошону менен бирге бир нече ЖМК дагы биригишип, бийликке кат жолдоп, анда алар карантин маалындагы бардык талаптарды аткарууга даяр экендиктерин белгилешип, болгону аларга иштөөгө шарт түзүп берүү өтүнүчүн жазышкан. КР Президентинин аппараты 14-апрелде республикалык шатбка жана комендантураларга ӨА маалында ЖМКлардын ишмердүүлүгүн кайра карап чыгууну сунуштаган. Учурда ЖМКлардын көптөгөн кызматкерлери үйдө отуруп аралыктан иштешүүдө. ЖМКлардын мындай жагдайда иш алып баруусу алар өндүргөн контенттин сапатынынын начарлашына жана жалган маалыматтардын көбөйүшүнө шарт түзөт.
Комендатура берилген өткөрмө кагаздар кесипкөйлүк кызыкчылыкта гана пайдалануусу керектигин белгилейт. Эгерде өткөрмө кагаздар тартипке ылайык эмес пайдаланылса, аккредитация баракчасы жокко чыгарылып, бүтүндөй ЖМКдан аккредитация алынат.
Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү