Журналисты
Жаңылыктар

ВВСнин кыргыз кызматына радиожурналист керек

Кыргыз жана англис тилинде эркин сүйлөгөн журналисттерди ВВСнин кыргыз кызматы издөөдө. Айлыгы – 31-34 миң фунт стерлинг (2 438 150 – 2 74 100 сом).

Кыргызстандын жаңылыктарын чагылдыра алган журналисттер керек. Ал ВВСнин кыргыз кызматына жаңылыктарды издеп, жазып, которуп, редакциялап же ыңгайлаштырып туруусу зарыл. Ошондой эле ал программаларды (он-лайн, түз баарлашуу жана алдын ала даярдалган), актуалдуу темаларга репортаждарды даярдоого жана контентке байланыштуу техникалык маселелерди чечүүгө жооп берет.

Талапкер кыргыз жана англис тилдерин ооз эки жанажазма түрүндө мыкты билип, журналистикалык тажрыйбасы болуп, материалдарды даярдоо жолун, жазганды, которгонду, аудиториянын жана медианын ар-түрдүү формасына аларды ыңгайлаштырганды билиши зарыл.

Кенен маалымат алыш үчүн бул жерге киргиле.

 Булак: IJnet

Окшош посттор

Открыт конкурс World Mobile Content

Administrator
11.07.2012

Телекомпания НТС просит спикера ЖК проверить законность действий депутатов фракции

Administrator
28.09.2012

Журналисттик иликтөөлөр сынагынын 3-туру

Administrator
17.11.2014